25-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (82 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча коло байге алды.
Ал алгачкы беттешинде египеттик Эмад Ашраф Абу-Латтаны 5:1, андан соң грузиялык балбан Гела Болквадзени 9:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда азербайжандык спортчуну 7:6 эсебинде утуп, жарым финалда түркиялык балбанга 0:6 эсебинде жеңилик калган. Коло үчүн беттеште кытайлык спортчуну утту.
Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш (2021-ж.), Париж Олимпиадасынын (2024-ж.) коло байге ээси. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-2017-ж.) болгон.
Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышууда. Грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча сегиз жана кыз-келиндер күрөшү боюнча төрт балбан күрөшөт. (BTo)
Шерине