Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:31

Абактагы Темирлан Султанбеков кайра кат жазып, сот өкүмүн "саясий кысым" деп атады

Темирлан Султанбеков. Апрель, 2026-жыл. Сүрөт Султанбековдун Фейсбук баракчасынан алынды.
Темирлан Султанбеков. Апрель, 2026-жыл. Сүрөт Султанбековдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Кыргызстандагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери, жети жылга соттолгон Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоду.

Кайрылуусунда Султанбеков өзүнө жана Кадырбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмүн "саясий кысым" деп атады. Ал бийликти колдогон саясий күчтөр же ишмерлер болбогонун, ал эми өздөрүнүн бошотулушун же жок дегенде соттук териштирүүнүн ачык өтүшүн талап кылгандардын арасында бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, депутаттар болгонун жазды.

Султанбеков айрым маалымат каражаттарына жана журналисттерге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Социал-демократтар партиясынын лидери президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго берген маегинде "камакка алуулардын адилетсиз жана саясий мүнөздө болгонун моюнга алганын, бирок бул үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөнүн" белгиледи. Президент Жапаровдун Атамбаев партиянын ишине көрсөтмө берип турган дегенин четке какты.

Султанбеков 2021-жылы төрагалыкка шайлангандан бери партиянын ички жана тышкы саясатын өз алдынча аныктап келгенин белгилеген. Ошондой эле бийликтин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин жазган.

"Партиянын лидери катары биздин партия ар дайым мыйзамдын чегинде жана элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барганын ишенимдүү айта алам. Эгерде бийликтин суроолору же дооматтары болсо, аларга жооп берүүгө даярмын. Ирина Карамушкина, Алга Кылычов, Равшан Жээнбеков, Кадырбек Атамбаев жана Фархад Баабиевдин өмүрүн жана ден соолугун талкалоонун кереги жок. Партиянын төрагасы катары жоопкерчиликти жалгыз мен тартышым керек. Ушундай болушу зарыл. Жапырт террорду токтотууга чакырам", - деп жазган Султанбеков 26-октябрда социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыяланган катта.

Ага азырынча расмий тараптардан жооп боло элек.

Бул анын акыркы бир аптадагы экинчи кайрылуусу. 21-октябрда ал президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоп, өз ишине байланыштуу апелляциялык сотту ачык өткөрүүгө чакырган. Өзүнө карата чыккан сот өкүмүн сынга алып, бийликти саясий куугунтук жүргүзүп жатат деп айыптаган.

Президенттин администрациясы анын кайрылуусуна комментарий берген эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Алар менен кошо айыпталган Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.

Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортацияланган.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырып келет. Алардын адвокаттары сот өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

28 жаштагы Темирлан Султанбеков Социнтерн уюмунун вице-президенти.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG