Анткени, парламенттик шайлоого катышуу үчүн туура бир ай мурда бийлик тизгинин тапшырган Александр Вучич прагматикалык саясат жүргүзүп, Сербияны Европа Биримдигине мүчөлүккө даярдоо менен бирге Москва жана Бээжин менен стратегиялык байланыштарын үзбөй, тең салмактуулукту кармап келген. Бирок Украинадагы согуш башталгандан кийин Батыштын басымы күчөп, Вучичтин бул позицияны сактап калуусу барган сайын татаалдашкан.
Вучичтин партиясы жеңилди
Сербиянын мурдагы президенти, бийликтеги Серб прогрессивдүү партиясынын (СПП) төрагасы Александр Вучич өз партиясы 25-октябрда өткөн шайлоодо утулганын добуштарды саноонун расмий жыйынтыктары жарыялана электе эле жарыялады.
Анын айтымында, негизги атаандаш болгон "Студенттик тизме" парламентте 135тен 140ка чейин депутаттык мандат алат.
"Биз бул шайлоодо жеңилдик. Нааразылык кыймылынын катышуучулары түзгөн "Студенттик тизме" жеңишке жетти. Алар 135тен 140ка чейин депутаттык мандат алат, ал эми биз болжол менен 105 мандатка ээ болобуз", - деди жекшембиде шайлоодон кийин өз тарапкерлерине Александр Вучич.
Анын айтымында, Серб прогрессивдүү партиясы 1 миллион 720 миң добуш алган, бирок бул жеңиш үчүн жетишсиз болду. Сербияда 25-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышуу көрсөткүчү дээрлик 68 пайызга жетти.
Күтүлгөндөй эле негизги атаандаштык Александр Вучич жетектеген Серб прогрессивдүү партиясы (СПП) менен студенттик кыймыл көрсөткөн партиянын ортосунда жүрдү.
Вучич президенттик кызматтан кетерин быйыл 27-сентябрда жарыялап, парламенттик шайлоого катышарын билдирген.
Вучичтин отставкасы күтүүсүз болгон эмес, ал 2027-жылы президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин кызматтан кетерин июнь айынын аягында кабарлаган.
Саясатчы бийликтеги Серб прогрессивдүү партиясын (СПП) жетектеп, премьер-министрликке талапкер болгон.
Австриядагы теги босниялык саясат таануучу Ведран Жихич 2026-жылдын июнь айында эле Die Pressе гезитине Вучичтин отставкасы премьер-министрлик кызматты камсыз кылуу үчүн жасалган амал экенин белгилеген.
Июль айында Александр Вучич Die Presse басылмасына берген маегинде ал жетектеген партиянын октябрдагы шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айткан.
"Үч айдан кийин биз көптөгөн өлкөлөргө караганда алда канча демократиялуу боло турган шайлоодо жеңебиз. Биз Сербияны экономикалык жактан күчтүү кылабыз", - деген ал.
7-сентябрда Серб өкмөтү Вучичтен өлкөнүн бир палаталуу парламенти болгон Улуттук ассамблеяны таркатууну жана кезексиз шайлоону дайындоону өтүнүп, Вучич ага макул болгон. Жаңы шайлоо 25-октябрда белгиленген болчу. С
12 жыл президенттик кызматта турган Вучичтин экинчи мөөнөтү 2027-жылы аякташы керек эле. Конституцияга ылайык, бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт.
Сербия парламенттик республика. Аткаруу бийлиги толук премьер-министр башында турган өкмөткө таандык. Бирок президенттин тышкы саясат жана коопсуздук жаатында бир катар ыйгарым укуктары бар.
"Студенттер тизмесинин" жеңиши эмнеден кабар берет?
Вучичтин Орусия менен ынак мамилеси узак жылдар бою "стратегиялык өнөктөштүк"жана Батыш менен Чыгыштын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо саясаты катары мүнөздөлүп келген. Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай, Сербиянын аймактык бүтүндүгүн ырааттуу колдоп келет.
Бул Вучичтин Москва менен жакын мамиледе болуусунун эң башкы себептеринин бири. Батыш өлкөлөрүнүн катуу кысымына карабастан, Вучич башкарган Сербия Орусиянын Украинага басып киришинен кийин Москвага каршы санкция киргизбеген Европадагы жалгыз өлкө болуп келген.
Сербия Орусиянын жаратылыш газына да көз каранды. Орус бийлиги Белградга газды жеңилдетилген баада берип келген. Вучич эки өлкөнүн экономикалык достугу өз ара кызыкчылыктарга негизделгенин дайыма белгилеп келет.
Вучич прагматикалык саясат жүргүзүп, Сербияны Европа Биримдигине мүчөлүккө даярдоо менен бирге Москва жана Бээжин менен стратегиялык байланыштарын үзбөй, тең салмактуулукту кармап келген.Бирок Украинадагы согуш башталгандан бери Батыштын басымы күчөп, Вучичтин бул позицияны сактап калуусу барган сайын татаалдашкан.
Эми соңку саясий өзгөрүүлөрдөн кийин бул мамилелер жаңы нукка бурулуу алдында турат. Александр Вучич 2026-жылдын 27-сентябрында президенттик кызматынан кетип, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоодо өзүнүн партиясын жеңишке жеткирип, премьер-министр болууну көздөгөн. 25-октябрдагы шайлоодо Вучичтин партиясы Батышка ыктаган оппозициялык "Студенттик тизме" кыймылына утулуп калды.
Шайлоо алдында Вучич Орусия менен кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдиргени менен, жеңилүүдөн кийинки алгачкы билдирүүлөрүндө жаңы өкмөттүн келиши менен Сербия 2027-жылдын жазында Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө мажбур болушу мүмкүн экенин ишарат кылды.
"Студентска листа"
"Студенттик тизме" же сербче "Студентска листа" - жекшембиде Сербиянын парламентине мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бийликтеги коалицияга жана Александр Вучичке каршы чыккан негизги оппозициялык кыймыл.
Саясий бирикме "Студенттик тизме" деп аталганы менен, талапкерлердин арасында бир дагы студент жок. Жаштар уюштуруучу жана көзөмөлдөөчү катары гана катышкан, кыймылдын тизмесине эксперттер, профессор, дарыгер, юрист, маданият ишмерлери жана башкалар кошулган. Кыймылды Нови-Сад шаарынан чыккан белгилүү кардиолог, университет профессору, коомдук ишмер Илия Срданович жетектейт. Ал 56 жашта.
Саясий бирикменин түптөлүп, аракеттенишине 2024-жылдын 1-ноябрында Нови-Сад темир жол бекетинде 16 кишинин өмүрүн кыйып, бирөө жаракат алган кайгылуу окуя, коррупция жана өлкөдөгү узак мөөнөттүү авторитардык башкарууга карата нааразылыктар түрткү болгон.
Кыймылдын мүчөлөрү, негизинен жаштар, студенттер бекеттеги кырсыктан кийин жапырт каршылык акцияларына чыгып келишти. Алар Александр Вучичти жана Серб прогрессивдүү партиясын бийликтен кетирүү, коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын полиция бөлүмүн түзүү, буга чейинки нааразылык акцияларын мыйзамсыз басууга катышкан Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин иштен алуу, жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жана билим берүү тутумунда баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кайтарууну талап кылып келген.
25-октябрдагы шайлоонун алдында Белградда бул кыймылды колдогон миңдеген адамдардын катышуусунда митингдер өткөн.
Шерине