Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

"Кумтөр" ишканасы мамлекетке которгон төлөмдөрүн эки эсе көбөйткөнүн билдирди

"Кумтөр" ишканасы. 2023-жыл
"Кумтөр" ишканасы. 2023-жыл

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кирешеси бир миллиард доллардан ашып, таза пайдасы үч жылда үч эседен көп өстү. Ал эми мамлекетке тогуз айда салык, дивиденд жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 627 млн 824 миң доллар которду. Былтыркы жылдын январь-сентябрь айларында компаниянын мамлекетке төлөмдөрү 309 млн 904 миң долларды түзгөн.

Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасы 27-октябрда маалымдады.

Ага ылайык, быйылкы тогуз айда Кумтөрдүн кирешеси 1 миллиард 12,8 млн долларга жетти. 2025-жылдын ушул мезгилинде киреше 735,8 млн доллар болгон. 2024-жылдын тогуз айында 579,8 млн доллар, ал эми 2023-жылы 558,2 млн доллар болгон. Үч жылда бул көрсөткүч 80%дан ашык өскөн.

Маалыматта белгиленгендей, компаниянын таза пайдасы жыл башынан берки тогуз айда 548,4 млн долларды түзүп, былтыркы ушул мезгилдеги 320,2 млн долларга салыштырмалуу 71%га өскөн.

2023-жылдын тогуз айында Кумтөрдүн таза пайдасы 173,2 млн доллар, 2024-жылы 216,6 млн доллар болгон. Ал эми 2026-жылы жарым млрд доллардан ашты.

2026-жылдын январь-сентябрь айларында компания салык жана башка милдеттүү төлөмдөр үчүн 277,8 млн доллар төккөн. Бул былтыркы тогуз айда төгүлгөн 159,9 млн долларга салыштырмалуу дээрлик 74%га көп.

2024-жылдын тогуз айында салык жана башка милдеттүү төлөмдөр 114,7 млн долларды, 2023-жылы 124,2 млн долларды түзгөн.

Быйыл февралдын соңунда “Ынтымак Ордодо” өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров 2021-жылдан бери кендин кирешеси көбөйүп, өлкө экономикасын алдыга сүрөп жатканын билдирген. Кен мамлекетке өткөндөн берки аралыкта өндүрүштөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн доллар же 440 млрд сомдон ашканын, бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн айткан. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG