Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Кыргызстан - АКШ: Геосаясий эмес, экономикалык мүмкүнчүлүк

Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев  АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Самарканддагы жолугушууда, 19-октябрь, 2026-жыл
Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Самарканддагы жолугушууда, 19-октябрь, 2026-жыл

Самарканддагы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Вашингтон экономика жана коопсуздук боюнча кызматташтыкка жол салууну көздөй турганы белгиленди. АКШнын мамкатчысы Марко Рубионун сапары Борбор Азия үчүн эмнеге маанилүү?

Самаркандга Кыргызстандан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев баштаган делегация барды. Кулубаев саммиттин алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабел менен жолугушканы кабарланды.

Тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул жаатта АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан (EXIM Bank) каражат тартуу, техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө да сөз болгон.

АКШ - Кыргызстан: Boeing учагы, технология, виза маселеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:07 0:00

Расмий Бишкек буга чейин Вашингтондун жогорку өкүлдөрү менен жолугшууларда визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөр, санкциялар маселесин талкуулап келген.

3-августтан тартып АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирген.

Ага чейин кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон.

АКШнын Индиядагы элчиси жана Түштүк Азия менен Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Сержио Гор 15-октябрда Нью-Делиде өткөн Bloomberg New Economy Forum аттуу иш-чарада Рубионун Борбор Азия сапарынын максатын кыскача чечмелеген. Дипломат Гор америкалык компаниялар чөлкөмдө критикалык минералдар жаатында иштешүү мүмкүнчүлүгүн издеп келишкенин айткан.

Сержио Гор
Сержио Гор

“Ал чөлкөмдө эң маанилүү минералдарга өтө бай өлкөлөр бар. Арийне, ал потенциал ачылбай келет. Американын компаниялары менен өнөктөштүк бардыгына пайдалуу. Ал жакта Борбор Азиядагы эң бай кендер жайгашкан. Аларга ишенимдүү жана сынаакы өнөктөштөр керек. биз америкалык компаниялар мындай чечимдерди сунуштай алат деп эсептейбиз. Биз үчүн атаандашуу мүмкүнчүлүгү маанилүү. Алар эгемен мамлекеттер. Эмне керек экенин алар өздөрү чечишет. Бирок, биз технологияларыбыз эң мыкты экенине чын дилден ишенебиз. Аларды бул чөлкөмдө иштетүү азыркы администрация үчүн абдан маанилүү”.

Мамлекеттик катчы баштаган делегациянын сапарына кылдат көз салып турган эксперттер АКШнын кызыкчылыгы саясий дипломатиянын алкагынан да ашып түшөрүн айтат. Вашингтон, стратегиялык ресурстардан тышкары, чөлкөмдүн транспорттук коридорлорун өнүктүрүү, энергетикалык жана коопсуздук жаатында кызматташууну бекемдөөгө умтулат деп эсептешет.

Маселен, америкалыктарды уран, хром жана сурьма өңдүү баалуу табигый минералдар кызыктырат. Аны менен катар Орусияны айланып өткөн транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, Кытайдын логистикасынан көз карандылыкты азайтуу жана Орусия менен Иранга каршы санкцияларды сактоо маселеси да кирет.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев 2025-жылы Вашингтондо өткөн С5+1 форматындагы лидерлердин саммитинде 130 миллиард доллардан ашык коммерциялык келишимдер жарыяланганын эске салат. Ал белгилегендей, Самарканддагы жолугушуунун Кыргызстан үчүн чыныгы мааниси дипломатиялык билдирүүлөр менен эмес, алдыдагы жылдары канча инвестиция келип, канча жаңы ишкана жана жумуш орду түзүлгөнү менен өлчөнөт.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

«Азыр АКШ бул кызматташтыкты конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландырууга жана Орусия менен Кытайдын экономикалык таасири күчтүү болгон аймактагы өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. Кыргызстан үчүн – бир гана геосаясий эмес, экономикалык мүмкүнчүлүк. Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалы, пайдалуу кен байлыктары, транспорттук мүмкүнчүлүктөрү, маалымат технологиялары, туризм жана айыл чарба тармактары америкалык инвесторлорду кызыктырышы мүмкүн. Ошондой эле Транскаспий транспорттук багыты аркылуу Европа базарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү. АКШ менен байланыштарды өнүктүрүү Кыргызстанга Орусия, Кытай, Түркия жана башка өнөктөштөр менен кызматташууну сактоо менен тышкы экономикалык саясатты диверсификациялоого шарт түзөт. Бирок 130 миллиард доллардан ашык келишимдер жалпы аймакка тиешелүү экенин жана алардын баары эле ишке ашкан инвестиция эмес экенин түшүнүү зарыл. Кыргызстан канча каражат тарта алары азырынча белгисиз. Бул үчүн даяр бизнес-долбоорлор, түшүнүктүү мыйзамдар, инвесторлордун укугун коргоо жана туруктуу инвестициялык чөйрө керек».

Борбор Азия чөлкөмү соңку жылдары ири мамлекеттердин кызыгуусун арттырууда. Аймакта Москва менен Бээжиндин таасири өзгөчө кубаттуу сезилет. Орусия тарыхый, гуманитардык жана миграциялык байланыштарын сактоого умтулса, Кытай чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүнө айланган.

Мындан улам, эксперттер Вашингтон Борбор Азиянын кызыкчылыктарын канчалык эске алары чечүүчү мааниге ээ болорун айтышууда.

Адам укуктары жана прагматикалык саясат

Самарканддагы жыйындын күн тартиби негизинен экономикалык, энергетикалык жана коопсуздук багытындагы кызматташтык маселелерин камтыды. Эксперттер белгилегендей, дипломатиялык салтка айланган чөлкөмдөгү демократиялык абал, адам укуктары жана жарандык эркиндик темасы көз жаздымда калды.

Америкалык мурунку дипломат Дэниел Розенблюм "Азаттык" менен болгон маегинде айткандай, алгачкы жолу 2015-жылы ишке кирген С5+1 форматындагы кызматташтык негизги үч компоненттен – коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш, экология жана энергетика, ошондой эле экономика, соода жана инвестицияны камтыган.

«Мурда биздин мамилелерде ар дайым белгилүү бир тең салмактуулук бар эле. Бир жагында демократияны өнүктүрүү, рыноктук реформалар, адам укуктарын коргоо жана негизги эркиндиктерди камсыз кылуу маселелери турчу. Экинчи жагында коопсуздук кызыкчылыктары бар эле. Бул жерде сөз экономика жөнүндө гана эмес коопсуздук дагы дайыма маанилүү компонент болгон. Мисалы, Ооганстандагы согуш, террордук топторго каршы күрөш, чек аралык кылмыштуулук менен күрөшүү сыяктуу маселелер биздин кызматташуунун бир бөлүгү болгон. Экономикалык кызыкчылыктар болсо үчүнчү маанилүү багыт эле. Ошентип, бул үч компоненттин ортосунда дайыма тең салмак издөөгө туура келген. Ар бирине бирдей көңүл буруу мүмкүн эмес. Кээде улуттук кызыкчылыктар үчүн мааниси артык кайсы бир багытта компромисске барууга туура келет».

Мурунку элчи соңку кездери демократия жана адам укуктары маселелери күн тартибинен толугу менен чыгып калганын белгиледи. Ал мындай жагдай АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерди сактап калууга болоруна көзү жетпей турганын белгилейт.

Самаркандга аттанар алдында журналисттерге берген жообунда Кошмо Штаттардын мамкатчысы Марко Рубио учурдагы дүйнөдөгү курч кризистер узак мөөнөттүү дипломатиялык артыкчылыктарды көз жаздымда калтырбашы керектигин баса белгиледи. Ал дипломаттар кризистерди чечүү менен гана алек болгондо башка маанилүү мамлекеттер аралык мамилелер экинчи планга сүрүлүп каларын түшүндүрдү.

АКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG