Баш прокурор Максат Асаналиев 9-апрелде жарым сааттан ашык баяндама жасап, депутаттардын дээрлик баары ал жетектеген органдын ишине оң баа беришти.
Баяндамада өлкөдөгү мыйзамдуулукту орнотуу аракети тынымсыз жүрүп жатканы, көрсөткүчтөр жакшы экени айтылды.
Ошол эле учурда УКМК кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз-даттануулар түшкөнү, коррупция, мыйзамсыз менчиктештирүү, мыйзамсыз баюу, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш сыяктуу иштердин баары мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деген маалыматтарга көлөкө түшүргөндөй болду.
Асаналиевдин баяндамасында өлкөдөгү бардык тармактар тууралуу маалыматтар камтылган. Маселен, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарында 24 миңден ашык мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 34,5 млрд сомдон ашык зыяндын орду толтурулган. Адам укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча 3055 мыйзам бузуу аныкталган.
Баш прокурор адам укуктарына байланышкан кайрылуулар миңдеп саналат деген менен алар канчалык канааттандырылды деген суроо ачык бойдон турат. Башка мамлекеттик органдарды эске албаганда, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн эле учурда 386 арыз жазылган. Бул арыздар атайын кызматтын жетекчиси алмашкандан кийин көбөйгөнү белгилүү болду. Ал арыздардын маани-маңызы тууралуу Жогорку Кеңеште ачык айтылган эмес.
Асаналиев “Азаттыкка” берген комментарий берип, жазылган арыздардын мазмуну, учурда кармалган мурунку кызматкерлер тууралуу түшүндүрмө берди:
“Ал жерде кызмат абалынан пайдалануу, коррупция, мамлекеттин кызыкчылыгы менен иштейбиз деп өз кызыкчылыгын унутпай акча алган, мүлк иретинде алган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иштери козголууда. Башкы прокуратура ар бир кылмыш ишинин үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Бул кылмыш иштеринде мынчасы мамлекетке, мынчасы жеке чөнтөккө кетти’ деген так маалыматтар болгон эмес. Бул кызматкерлер "мамлекетке өндүрөбүз" деген терини жамынып алып, өздөрүн да унуткан эмес”, - деди Асаналиев.
Башкы прокуратуранын өз учурунда мыйзамсыз аракеттерге чара көрүү менен, мыйзамдан тыш жасалган иштерге укуктук баа бериши керек эле деген суроо учурда ачык бойдон турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буга чейинки өлкөдө жасалган мыйзамсыз аракеттер боюнча жоопкерчилик тууралуу айтты.
“Башкы прокуратуранын тергөө органдары укук коргоо органдары менен алдын ала тил табышып келишкен, мындай фактыларды азыр көрүп жатабыз. Прокурорлор айыптоо корутундусун көбүнчө УКМКнын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып чыгарышат. Буга чейин алар биргелешип ишкерлерди камаса, азыр прокурорлор ишкерлерди камаган УКМКнын кызматкерлерин камап жатат. Эртең дагы кимди камай турганын кудай билет. Саясат алмашары менен алар аны же муну камашат. Башкы прокуратура өзү да тазаланууга убакыт келди деп ойлойм. Анткени мындай мыйзам бузуулардын болушуна прокуратура кызматкерлери да күнөөлүү”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Гүлшаркан Култаева мыйзамсыз делген иш-аракеттердеги чечимдерди кабыл алууда көзөмөл органынын кызматкерлеринин тиешеси бар экенин айтты:
“Мен буга чейин да айткам. Ошол иш-аракеттер болуп жаткан учурда ишкерлер чындап эле кайда, кимге кайрыларын билбей калышкан. Бирөөгө кылмыш ишин козгоп, алып барып камап койгон иштерди алар (ред.: УКМКнын кызматкерлери) өздөрү жалгыз жасабайт. Ошол жердеги ар бир аракет мыйзамга ылайык сакталышы керек эле. Өздөрүнүн милдеттерин кандай аткарганына алар өздөрү жоопкерчиликтүү”.
Саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, акыркы беш жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштерди кайра кароо демилгесин бийлик колго алышы керектигин айтты.
“Соңку беш жыл ичинде Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги тарабынан козголгон кылмыш иштердин баарын иликтеп, ак менен караны ажырата турган учур келди. Мамлекеттик структураларга ишеним жоголгондо мамлекет алсыз болуп калат. Эч бир нерсе мамлекетти адилеттүүлүктөн башка бекемдей албайт. Бийлик элдин ишенимин кайтарып, купулуна толом десе, бейтарап, саясий кызыкчылыгы жок топ түзүлүп, чуулгандуу иштердин баарын чечкиндүүлүк менен карап чыгышы керек”.
Өлкө боюнча бир жыл ичинде жалпы 34 467 кылмыш иши катталса, анын 4 миңден ашыгы оор кылмыштар экени айтылды. Бирок бул кылмыш иштердин канчасы мыйзамдуу катталганы белгисиз.
Анткени буга чейинки козголгон кылмыш иштери боюнча камалгандар, өлкөдөн чыгып кеткендер, темир тор артына киргендер - саясатчылардан, ишкерлерден тартып катардагы жарандарга чейин мыйзамсыз кылмыш иши ачылганын айтып, социалдык тармактарга күн сайын чыгышууда.
Депутат Элвира Сурабалдиева бир кишинин бардык тармакты монополияга айлантып, бир колго топтоп алгандыгынын кесепети экенин айтты.
“Бир адам эбегейсиз бийликке ээ болуп, мамлекеттин ичиндеги укук коргоо тармагын толугу менен өзүнө каратып алган. Тергөөдөн баштап милициянын ишине чейин аралашкан. Анын кесепеттерин азыр баарыбыз көрүп жатабыз. Баш прокурор да бул иштер боюнча өз пикирин билдирсе керек”.
Отчеттук мезгил аралыгында прокуратура органдарына ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзам бузууларга укуктук баа берүү үчүн 5643 арыз-даттануу келип түшкөн. Миңдеген даттануулардан 577 иш боюнча мыйзам бузуу аныкталып, ишкерлердин укуктарын коргоого байланыштуу болгону эки иш боюнча гана кылмыш иши козголгон.
Бирок мындай сандарга карабастан баш прокурордун отчетун эл өкүлдөрү жалпы кабыл алып, оң баа беришти, ал эми суроо берүүгө да чектөө коюшту.
Шерине