Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, козголгон кылмыш иштердин алкагында УКМКнын тогуз кызматкери жоопкерчиликке тартылып, сегизи соттун чечими менен камалган. Бирөө үй камагына чыккан. Асаналиев кылмыштардын ичинде купуя материалдарга байланыштуу бир иш бар экенин, ал дагы тергелип жатканын кошумчалады.
Башкы прокурор УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз каралып жатканын, арасында такталбай калган, текшерилип жаткан материалдар бар экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.
Ушул окуялардан кийин учурунда мыйзамсыздыкка кабылганын айтып бийликке кайрылуу жолдогондор болууда. Жергиликтүү басылмалар УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ишкерлерден, мамлекеттик кызматта иштегендерден 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыккан.
Кармалгандардын жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек. (КЕ)
Шерине