Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

"Толук акталышы керек". Журналист Махабат Тажибек кызынын иши

Адвокат Акынбек Ногоев менен журналист Махабат Тажибек кызы. 23-апрель, Бишкек шаардык соту.
Адвокат Акынбек Ногоев менен журналист Махабат Тажибек кызы. 23-апрель, Бишкек шаардык соту.

Бишкек шаардык соту 23-апрелде журналист Махабат Тажибек кызынын адвокаттарынын аппеляциялык арызын карады. Бир ай мурда Тажибек кызы Ленин райондук сотунун чечими менен абактан чыккан. Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошоткон.

Журналисттин адвокаттары анын иши кыскарып, Тажибек кызы акталышы керектигин айтууда.

23-апрелде журналист Махабат Тажибек кызынын адвокаты Акынбек Ногоевдин аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралды. Анда журналист дагы бир адвокат Нурбек Сыдыков менен да иштешүү боюнча келишим түзгөнүн, анын аппеляциялык арыздын мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчү бар экени айтылды.

“Махабат Тажибек кызынын коргонууга укугу бар. Ал Сыдыковдун жактоочулугуна муктаж болгону үчүн чакырып жатат. Андан сырткары аппеляциялык даттануу иштин маңызы боюнча, тагыраагы, иш кыскарабы же жокпу деген маселе боюнча болуп жатканы үчүн өтө маанилүү. Эгер бул өтүнүчтү канааттандырбасаңыздар, көп нерселер каралбай калат”, - деди Ногоев.

Мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча деген жагдайга келсек, эки адвокат өз-өзүнчө райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттануу берген. Сыдыковдун аппеляциялык арызында мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбай калганы үчүн аны калыбына келтирүүнү өтүнүшкөн. Ошентип 23-апрелдеги отурумда сот келтирилген өтүнүчтөрдү канааттандырып, ишти Ленин райондук сотуна кайтара турган болду.

Райондук сотто өтүнүчтөр канаттандырылса, иш кайра Бишкек шаардык сотуна келет да Тажибек кызына чыккан биринчи инстанциянын чечими боюнча аппеляциялык арыз карала баштайт.

“Азыр райондук соттогу иштин жагдайы алдын ала угуу баскычында. Бул жерде Бириккен Улуттар Уюмунун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумушчу тобунун берген сунуштамасына ылайык, сот Тажибек кызынын ишин кыскартып, анын реабилитациялоо боюнча жол-жобосун иштеши керек болчу. Тилекке каршы, андай чечим чыккан жок. Биз азыр алдын ала угуу боюнча турабыз. Анткени биздин өтүнүчтөр канааттандырылган жок”, - деди Ногоев.

23-апрелдеги соттук процесске Махабат Тажибек кызы өзү да катышты. Ал мындан бир ай мурда Ленин райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде абактан чыккан. Бул отурумда анын адвокаттары Тажибек кызын бошотуудан тышкары ишти кыскартуу жана “мыйзам бузуу менен жасалган экспертизанын жыйынтыктарын четке кагуу өтүнүчүн келтирген. Судья журналистти бошотуудан башка өтүнүчтөрдү канааттандырган эмес.

Махабат Бириккен Улуттар уюмунун жумушчу тобунун сунуштамасы ишке ашарынан үмүттөнүп турат.

“Ошолордун талабына жараша Кыргызстанда мыйзам ишке аша баштайт деп ойлойм. Мен дагы эле эч нерсени түшүнбөй жатам. Дагы үч жыл абакта калам деп ойлоп, адвокат да жалдаган эмесмин. Көрсө, былтыр 21-августта БУУ мага карата 11 эпизод боюнча мыйзам бузулганын изилдеп, адвокаттарды өздөрү жалдап, сотко кайрылышкан экен. Азыр мени иштетеби, иштетпейби чоң суроо. Бирок мен өзүмдүн ишимди жасаганга аябай үмүттөнүп жатам”.

Жогорку сот 10-мартта Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө чечим чыгарып, райондук сотко жиберген. Буга Бириккен Улуттар Уюмунун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобунун Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганы боюнча корутундусу негиз болгон. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту, кийин Жогорку Сот да күчүндө калтырган эле. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Алар өзүнө коюлган айыпты четке кагып келишкен.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG