Демилгечи депутаттар азыркыдай шартта өткөн тынч жыйындар коомдук тартипти, санитардык нормаларды бузуп, жашыл зоналарга зыян берип, жөө жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаратып жатканын белгилеген. Мыйзам долбоору тынч жыйындар боюнча соттун чектөөсү дээрлик төрт жылдан бери улам узартылып келаткан учурда сунушталууда. Жарандык активисттер бул адам укугун чектөө экенин айтып, каршылык билдирип жатышат.
Мыйзам долбоорун депутаттар Кубанычбек Самаков менен Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген. Алар мындай чектөөгө коомдук тартипти сактоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максаты турганын белгилешкен.
Мыйзамдын азыркы талаптарына ылайык, жарандар тынч жыйындарды каалаган коомдук жайда өткөрө алат жана бул тууралуу жергиликтүү бийликке алдын ала кабарлап коюшу керек. Анын негизинде жергиликтүү бийлик иш-чарада коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлерин тартат. Эми бул эрежени өзгөртүп, тынч жыйындарды жергиликтүү бийлик аныктап берген жерде гана өткөрүү сунушталууда.
Долбоордун негиздеме-маалымкатында бул тажрыйба Орусияда, Беларуста жана Европа өлкөлөрүндө бар экени белгиленген.
“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тынч чогулуштарды өткөрүү үчүн жерлерди жана маршруттарды аныктоо жана белгилөө боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү тынч чогулуштар өткөрүлүүчү жерлерде коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат жана бул коомдук иш-чараларга катышпаган адамдар менен болгон юридикалык чыр-чатактарды жок кылат. Тынч чогулуштун ордун жана маршрутун аныктоо чечими социалдык чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо, мыйзам менен корголгон баалуулуктарга кол салууларга каршы туруу үчүн зарыл курал болуп калат жана конституциялык жактан маанилүү максатка – адамдардын укуктарын коргоо жана коом менен мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга ээ болот”.
Депутаттар келтирген расмий маалыматка ылайык, 2020-2023-жылдары Кыргызстанда 3740 чогулуш өтсө, анын 1727си Бишкекте уюштурулган. Долбоордо “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда коомдук тартип, улуттук коопсуздук жана башка жагдайларга байланыштуу митинг-акцияларды өткөрүүгө чектөө киргизүүгө уруксат берилгени белгиленген.
Демилгечи депутаттар долбоор тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген жок.
Мыйзам долбоору коомдук талкууда турган учурда “Адилет” укуктук клиникасы талдоо жүргүзүп, жаңы сунушту сынга алган. Бул нормалар Баш мыйзамда кепилденген тынч жыйынга чогулуу укугуна каршы келерин, Кыргызстан кабыл алган эл аралык милдеттенмелер сакталбай каларын эскерткен.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясы тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабар берүүгө укуктуу экендигин белгилейт. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары жана катышуучулары тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө кабарлабай калганы, кабарлоонун формасын, анын мазмунун жана берүү мөөнөттөрүн сакталбаганы үчүн жоопкерчилик тартышпайт. Чектөө үчүн мыйзамдуу негиздер адам укуктары боюнча эл аралык жана аймактык документтер менен белгиленген. Ошол себептүү улуттук мыйзамдарга чектөөлөр үчүн кошумча негиздерди киргизбөө керек”.
Азыркы мыйзамда тынч жыйындарды каалаган жерде өткөрүүгө уруксат берилгени менен Бишкекте бул сыяктуу иш-чараларга чектөө киргенине төрт жылдан ашты. Борбор калаанын Биринчи май райондук соту 2022-жылы мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол бекетине чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө да чектөө киргизилген.
Бишкекте Максим Горький атындагы гүлбагында гана митинг өткөрүүгө уруксат. Өз пикирин ачык билдирип, ар кандай акцияларга чыгып жүргөн активист Өндүрүш Токтонасыров мыйзам долбоорун сынга алды.
“Мисалы, өкмөткө сын айткым келсе, өкмөт үйүнө же президентке сунуш-пикир болсо, “Ынтымак ордого” барып, митинг-пикет уюштурууга толук акым бар. Бизде тескери болуп жатпайбы. Мен кайрылуудан майнап чыкса экен, президент укса экен, элдин маселеси чечилсин деп митинг-пикетке чыгам да”.
Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун да тынч жыйындарды кандайдыр бир чектөөлөр менен жөнгө салуу аракетине каршы.
“Тынч жыйындарды чектеген соттун чечими да туура эмес жана мыйзамсыз. Мындай ыкмалар авторитардык режимге багыт алган мамлекеттердин колдонгон амалдары. Президент “адам укугун сактайбыз, укуктук мамлекет курабыз” деп жатпайбы. Андай болсо элдин тынч жыйындарын бир жерге чектебеш керек. Бир нече жерде жыйын өткөрүүгө тыюу салып койгону эл аралык стандарттарга да туура келбейт”.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда сүйлөп жатып, Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.
“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген Жапаров.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынганы менен тармактык комитеттерде качан карала баштары азырынча белгисиз.
Шерине