Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Грузияда оппозиция лидери тергөө абагынан бошотулду


"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын лидери Ника Мелия.
"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын лидери Ника Мелия.

Грузиядагы эң ири оппозициячыл партия саналган "Бириккен улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелия тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Тбилиси шаардык соту 10-майда кабыл алды. Оппозициячыл саясатчыны анын тарапкерлери абактын алдынан тосуп алышты.

Мелиянын бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнө Демократия үчүн европалык фонддун кепилдик катары 11,6 миң долларды күрөөгө койгону себеп болду. Аны бошотуу бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен оппозициянын ортосунда 19-апрелде кол коюлган макулдашуусунун бир бөлүгү болчу. Бул макулдашууга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель арачылык кылган.

41 жаштагы Ника Мелия 2019-жылдагы ири демонстрацияларда "массалык башаламандыкты уюштурду" деп айыпталып жатат. Оппозиционер саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө. Ал быйыл февраль айында күрөөнү төлөбөгөнү үчүн камакка алынган.

Грузияда былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып келе жатат. Ал шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген "Грузин кыялы" көпчүлүк мандатка ээ болгон. Оппозиция жаңы парламентке бойкот жарыялап, кайра шайлоо өткөрүү талабы менен ири нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG