Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Өзбекстанда блогер Отабек Саттори 6,5 жылга кесилди


Блогер Отабек Саттори.
Блогер Отабек Саттори.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Музрабад райондук соту бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн блогер Отабек Сатторини 6,5 жылга абакка кести.

10-майда 25 мүнөткө созулган сот отурумунда акча талап кылууга шектелген Сатториге акыркы сөз берилди. Ал күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну суранган.

Буга чейин прокурорлор блогерди 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн эле.

“Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган 41 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар бийликти Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында “ойдон чыгарылган” деп эсептешет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG