Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Той-топурлардагы чыгымдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Кыргызстанда үлпөт тойду, маараке салтанаттарын, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан баштап коомдук талкууга коюлду.

Документ ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттөрдү азайтуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өтөт. Үлпөт той 200гө чейин адам катышкан банкет менен бир күндүн ичинде жыйынтыкталышы керек. Никеге туруу салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулушу шарт.

Мыйзам долбооруна ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууга жана жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт жана анда ири мүйүздүү мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылат. Бул учурда да бодо малды союуга тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке салтанаттар, сөөктү көмүү ырым-жырымдары дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин өтөт.

Ошондой эле зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурлары боюнча иш-чаралар үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүлөт. Анда конок чакыруу менен жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Кыргызстанда той-топурлар, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары ашыкча шаан-шөкөт, артыкбаш чыгымдар менен коштолорун айтып, аны мыйзам менен тыюу демилгеси утур-утур көтөрүлүп келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG