Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Коронавирустан бир суткада жети киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен жети бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1667 адамга жетти.

Акыркы суткада 379 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (240) жана Чүйдө (103) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 033 адамга жетти.

Бир күндө 304 адам сакайып чыкты. Учурда 1703 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 95 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 40 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кечээ, 10-майда кеңешме өткөрүп, эмдөөнү тездетүү керектигин белгилеген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG