Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Статком: Былтыр коммерциялык банктардын кирешеси көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2020-жылы коммерциялык банктардын кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 9,2% көбөйүп, 32,6 млрд. сомду түздү. Банктардын чыгымдары 30 млрд. сом болду. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен 22 банк пайда алды, ал эми бир банк чыгым тартты.

2020-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жыл ичинде дээрлик 17% көбөйүп, 288,7 млрд. сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул тапта банк системасында Кыргызстандын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк иш жүргүзөт. Алардын 16сы чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иштейт. Аймактарда банктардын 300дөн ашык филиалы бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG