Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Парламент комитетинде электр тарифи талкууланбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 11-майдагы жыйынында электр энергиянын тарифине байланыштуу маселени карабай турган болду.

Бул тууралуу тиешелүү комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул маселеге байланыштуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев баяндама жасамак. Бирок министрлер кабинетинин өтүнүчү менен маселе комитеттин 11-майдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салды.

“Өкмөт “азыр кандайдыр бир чечим кабыл ала элекпиз. Бул өкмөттүн гана долбоору” деген кат жазыптыр. Ушундан улам күтө турууну чечтик”, - деди Кожобек Рыспаев.

Кыргыз бийлиги электр энергиясы жаатында сунуштап жаткан жаңы тариф саясатын августка чейин коомдук талкууга коюп, чечим кабыл ала турганын билдирген. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттай турганы айтылган.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда кыргыз өкмөтү Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт\саат алып жатат. Аны Кыргызстан үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Кыргыз бийлиги апрель айында электр энергиясына жаңы тариф саясатын сунуштаган. Ага ылайык калк үч категорияга бөлүнөт.

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт саат – 74 тыйын.

2. Тоолуу аймактардын жашоочуларына 1 кВт саат – 1 сом 4 тыйын.

3. Жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 кВт саат – 1 сом 48 тыйын.

Кыш мезгилинде жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр 1000 кВт сааттан ашып кетсе, алар 2 сом 29 тыйындан төлөйт. Калган эки категорияга мурунку 700 кВт саат чектөө алынат. Жаңы тарифтик саясат 2021-жылдын августуна чейин коомдук талкууда болот.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын. (BTo)

XS
SM
MD
LG