Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Баткен: Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курула баштады


Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарын кыдырды.
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарын кыдырды.

Баткенде чек ара окуясы учурунда талкаланган Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдүн курулушу бүгүн 11-майда башталууда. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарын кыдырып, эл менен жолугуп, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Ал жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керектигин, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жоголгон документтерди калыбына келтирүү иши аткарыларын белгиледи.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

1200 адам жашаган Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үй тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Айылда чек арадагы окуй учурунда бир адам каза болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG