Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам боюнча мыйзам комитетте колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда каза болуп, сөөгү чет жакта көмүлгөн кыргызстандыктардын балдарына алардын мүрзөсүнө барып таазим этүүсүнө жыл сайын акча бөлүп берүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде үчүнчү окууда жактырылды.

Депутат Наталья Никитенко жана мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов иштеп чыккан «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоор комитеттин 10-майдагы отурумунда талкууланды.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, демилгечилер акыркы кезде согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин мүрзөсү табылып жатканын, алардын айрым жакындарынын ал жерге барып таазим этип келүүгө чамасы жок экенин, өкмөт кошумча каржы булагын табышы керектигин белгилешти.

Бир да жоокер унутта калбашы керектигин айткан депутат Никитенко мыйзамдын кийинки муундар үчүн таалим-тарбиялык ролу да зор экенин кошумчалап, “Өкмөт жылда белгилүү бир өлчөмдө каражат бөлүп турса бул маселе чечилмек» деди.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 56 миӊден ашуунунун дайыны белгисиз. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG