Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Өзбекстан: Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот өкүмү чыкты


Сардаба суу сактагычы
Сардаба суу сактагычы

Өзбекстандын Жогорку соту Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча өкүм чыгарды. "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарлашынча, 17 айыпталуунун алтоо абакка кесилсе, бирөө шарттуу түрдө эркинен ажыратылды, калгандарына акчалай айыппул салынды.

«Узтемирйулкурилишмонтаж» ишканасынын директорунун орун басары М. Холматов 10 жылга кесилди. Андан сырткары суу сактагычты курууга катышкан курулуш компаниясынын өкүлдөрү, инженерлер беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылды.

Соттук жараян 21-декабрда башталып, иш жабык режимде каралууда. Кырсык боюнча “Кызматтык шалаакылык”, “Курулуш, тоо шартындагы жана жарылуучу зарттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери боюнча иш козголгон.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен Өзбекстан жана коңшу Казакстандагы ондогон айылдардагы 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Суу сактагычтын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу демилгеси Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Адистер дамбанын жарылышына тармактагы жемкорлук, аны курууда бетон жана башка курулуш материалдарынын уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги - 28,8 метр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG