Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Министрлик: Тарых музейинин чет элдик компанияга 225 миң евро карызы бар


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаттары 10-майда Мамлекеттик тарых музейине барышты.

Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейдин реконструкциясы, маданий мекеменин ичинде жана сыртында жүргүзүлгөн оңдоо иштери жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, объект 2016-жылдын 25-майында реконструкциялоо үчүн жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, имараттын сырткы жасалгасына Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) берген 15 миллион доллар жумшалган.

Иманалиев керектүү буюмдарды жана экспонаттарды орноткон Германиянын “Vitrinen-und Glasbau REIER” компаниясына музейдин 225 миң евро карызы бар экенин билдирди.

Депутаттар аткаруу бийлигине карыз жана башка маселелерди тез арада чечүүнү сунуштап, айрымдары оңдоп-түзөө иштеринин сапатын сынга алышты.

Жыйында музейди 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу сунушу берилди.

Буга чейин Кайрат Иманалиев "Азаттыкка" аталган музей ушул жылдын 31-августуна чейин ачыла турганын маалымдаган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG