Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Эки апта иштеген министр эки айга камалды


УКМКнын кызматкерлери Азамат Дыйканбаевди (ортодо) Биринчи май райондук сотуна алып келишти. 20.05.2021
УКМКнын кызматкерлери Азамат Дыйканбаевди (ортодо) Биринчи май райондук сотуна алып келишти. 20.05.2021

Бишкектин Биринчи май райондук соту ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Азамат Дыйканбаев Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен шектелүүдө. УКМК аны чет өлкөлүк компаниядан пара талап кылган деп айыптап жатат.

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазган. Учурда сотко чейинки териштирүү башталды”, - деди атайын кызматтын өкүлү Назгүл Кыдыралиева.

Дыйканбаев 5-майда Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жаңы түзүлгөн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы болуп дайындалган. Ага кошумча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да жүктөлгөн эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айыптоосун Азамат Дыйканбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров төгүндөөдө.

Кайсын Абакиров
Кайсын Абакиров

“Дыйканбаевди "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" деп аталган Кытай компаниясынан 2 млн. 600 миң сом талап кылган деп айыптап жатышат. Бирок тергөө анын күнөөсүн тастыктаган бир дагы далилди бизге бере алган жок. Учурда бизде далилдер жетиштүү. Аны сотто көрсөтүп беребиз. Дыйканбаевди актап чыгууга толук негиз бар”.

35 жаштагы Азамат Дыйканбаев министрлик кызматынан 20-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кол жууду. Анын ордуна Дастан Догоев келди.

Министрлик кызматка жол

Дыйканбаев байланыш тармагына 20 жашынан баштап аралашкан. 2006-жылы Улуттук байланыш агенттигинде адис катары эмгек жолун баштап, сегиз жылдан кийин "Транском" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болууга жетишкен.

Өткөн жылдан бери ал Мамлекеттик байланыш агенттигин жана Санариптик өнүктүрүү кызматын жетектеп турган.

2020-жылдын ноябрында Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Дыйканбаев жетектеген Мамлекеттик байланыш агенттигин айыптап чыккан. Уюм мекемеге “байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, аймактардагы миңдеген абоненттерди Интернетсиз калтырышы ыктымал” деген доомат койгон. Дыйканбаев аны четке каккан.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева Дыйканбаевдин мына ушул Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги ишин эске салды.

“Мамлекеттик байланыш агенттиги радиожыштыктарга лицензия берүү ишин жасап келген. Башкача айтканда Дыйканбаев Кыргызстандагы байланыш операторлорун тескеп турган. Ал кызматка келгенде байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, айрым лицензиялардын ишин токтотуп койгон. Учурда буга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Айрымдары сотко жетти”.

Байланыш агенттигиндеги жыштык чырына байланыштуу былтыр бир катар аткаминерлер жоопко тартылган.

УКМК 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана буга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев мамлекетке 260 миң сомдон айып төлөөгө милдеттендирилген. Бул ишке айыпталгандардын бири, өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду.

Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азамат Дыйканбаевди жамаатка 7-майда тааныштырып жатып, санариптик трансформацияны активдүү ишке ашыруунун жана атамекендик IT-адистерди колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

"Санариптештирүү маселеси жаңы Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Санариптештирүү боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин түзүү чечими кабыл алынган. Биздин милдет – тиричиликтин бардык тармагын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, транспорт, курулуш, тейлөө көрсөтүү тармагынын өз ара аракеттешүүсүн санариптештирүү процесси менен камтуу болуп саналат", – деген.

Ал ортодо Артем Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан бошоп, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Новиковдун ордуна ошол замат Айбек Жунушалиев келди.

Түзүлгөнүнө эки апта гана болгон министрлер кабинетиндеги бул өзгөрүүлөр коомчулукта түрдүү пикир жаратууда. Жарандык активист Руслан Акматбек азыркы бийликтин кадр саясатын сындады.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Садыр Жапаров жана анын командасынын ирээттүү планынын жоктугунан кабар берди. Алардын иши бир стратегияга жана бир максатка байланбаганы көрүндү. Алысты көрө албай жатышат. Өздөрүнө ийкемдүү адамдарды ишке алып келишип, кесипкөй кадрлар көңүл сыртында калууда. Мурда парламенттик башкаруу болуп тең салмактуулук сакталып турчу. Азыр бийлик бир колго топтолду. Өз билгенин кылып жатат”.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык, “Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анын төрагасы кылып буга чейинки премьер-министр Улукбек Мариповду, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиковду жана министрлерди, комитеттин жана кызматтардын башчыларын дайындаган. Улукбек Мариповдун дагы бир орун басары жана санарип министри кызматына камаккка алынган Азамат Дыйканбаев келген.

Өкмөттүн ирилештирүү саясатынын алкагында “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматтары кыскарып, ордуна борборлоштурулган Санарип өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн.

Жаш министр пара чырынан улам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:22 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG