Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Пара менен кармалды делген Дыйканбаевдин ордуна Догоев келди


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. Президенттин башка жарлыгы менен анын ордуна Дастан Догоев дайындалды.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Дастан Догоев - 2017-жылдын июнунан 2018-жылдын февралына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. 2018-жылдын июнь айында президенттин кеңешчиси болуп барган. 2019-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп 2020-жылга чейин иштеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG