Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Сегизбаев 25-июлга чейин камакта калды


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин(УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 25-июлга чейин узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 20-майда чыгарганын Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева билдирди:

"Биз күткөндөй эле дагы эки ай камакка калтырышты. Адвокаттын айтымында, Абдилди камакта кармаганга эч кандай юридикалык негиз жок. Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы үч депутатынын арызы жарандык тартипте каралууда. Текебаев, Шыкмаматов, Салянова кадыр-баркыбызга шек келтирди деп 2017-жылы арыз жазып, сот алардын арызын кароодон баш тарткан. Төрт жылдан кийин кайрадан апелляциялык арыз берип жатышат. Эмнеге азыр жазышты, мен үчүн да түшүнүксүз болууда".

УКМКнын мурдагы төрагасына карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Буга чейин Бишкек шаардык соту Сегизбаевди үй камагына чыгаруудан баш тарткан.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

Камакка алынар алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (МТа)

XS
SM
MD
LG