Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Коргоо министри түрк элчиси менен аскердик кызматташууну талкуулады


Кыргызстан. Коргоо министри Таалай Өмүралиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту. Бул тууралуу 20-майда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда коопсуздукка байланыштуу учурдагы абал, аскер жаатында кызматташтыктын келечеги, андан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Ахмет Садык Доган 17-майда президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырган.

Жапаров анын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу байланыш жана аймактарды өнүктүрүү тууралуу пикир алышкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG