Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Улуттук банк "Кумтөрдөн" 29 млн. долларга алтын сатып алды


Кумтөр.
Кумтөр.

Улуттук банк 29 млн. долларга “Кумтөрдөн” алтын сатып алды. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компаниге" тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңеште өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Бөлтүрүктүн айтуусунда, Кумтөр алтын кенин иштетип кетүү үчүн ай сайын 20 млн. доллар сатып алууларга, 4 млн. доллар кызматкерлердин айлык акысына, 11 млн. доллар салык төлөө үчүн керектелет. Учурда Кумтөр алтын кенин иштетип кетүү үчүн каражат бар.

“Кыргызалтында” мурдатан топтолгон 20 млн. доллар дивиденд бар. Бул акча биздин эсепке которулат. Өндүрүлгөн алтын Улуттук банкка сатылат. Улуттук банкта сатып алганга каражат бар. Биз кечээ 29 млн. долларга биринчи алтынды саттык. Мындан тышкары Финансы министрлиги менен 25 млн. доллар кредит алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул акча алгачкы эки ай кризистик мезгилден өткөнгө жетиш керек. Андан ары бир айда 50 млн. доллардан ашык акчага алтын өндүрөбүз”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтуусунда Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн кампадагы каражаттар 2-3 айга жетиши мүмкүн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG