Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Жалал-Абад: Дарыяларда суу деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал түзүлдү


Көк-Арт дарыясы. Сузак.
Көк-Арт дарыясы. Сузак.

Жалал-Абад облусунун эки районунда жаан-чачындан улам дарыянын деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал түзүлүүдө.

Сузакта жана Базар-Коргондо жалпысынан мындай участоктон алтоо экенин облустук администрация кабарлады.

Кызыл-Туу айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясынын беш чакырым аралыгын бекемдөө керек. Анткени суунун көп келгени дарыянын жээгин жеп жатат. Буга чейин Кара-Дарыя айылындагы эки чакырым жээкке дамба куруу каралса, бүгүнкү күндө анын 637 чарчы метр аралыгы бүткөрүлгөн.

Каржылоо өткөн жылдагы пандемиялык абалга байланыштуу токтоп турат.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев дамбалардын абалы менен жеринде таанышты. Ал Базар-Коргон шаарындагы Кара-Үңкүр дарыясынын Көкчө-Көз участогунда болуп, суу ташкындарын алдын алуу багытындагы маселелер талкууланды. (BT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG