Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Орусия Тажикстанга армиясын калыптандырууга жардам берет


Тажик жана орус тышкы иштер министрлери. Душанбе, 19-май 2021-жыл
Тажик жана орус тышкы иштер министрлери. Душанбе, 19-май 2021-жыл

Орусия менен Тажикстан аскердик кызматташтыкты улантууну макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сирождидин Мухриддин менен Сергей Лавровдун 19-майда Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус башкы дипломаты билдирди.

АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу чечими кошуна өлкөлөрдү, анын ичинде Тажикстанды тынчсыздандырууда.

Лавровдун айтымында, Мухриддин менен сүйлөшүүдө аскердик-техникалык кызматташтык, тажик куралдуу күчтөрүн калыптандырууга көмөктөшүү маселелери козголду.

Министр эл аралык террорчулардын Ооганстандын түндүгүндө активдешүүсү тынчсыздануу жаратарын айтып, Москва "терроризмге, экстремизмге жана маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн Дүйшөмбүгө болгон жардамын берүүгө даяр", деп белгиледи.

Ал ошондой эле жакында Орусия жана Тажикстан Ооганстан менен чек ара пунктун реконструкциялоо тууралуу өкмөт аралык келишимге кол коюшарын кошумчалады. Ал ишти Москва каржыламакчы.

АКШнын контингенти Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG