Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

«Жарандык көзөмөл комитетинин» дооматын Байланыш агенттиги четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму өлкөнүн телекоммуникациялык рыногундагы абалга тынчсыздануусун билдирип, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин «байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, аймактардагы миңдеген абоненттерди Интернетсиз калтырышы ыктымал» деген доомат койду.

Уюм 17-ноябрда ачык маалыматтардын негизинде билдирүү таратып, агенттиктин жетекчиси Азамат Дыйканбаев радиожыштык боюнча кээ бир лицензияларды токтотуу, кээ бирлерине карата жогорулатылган коэффициент коюу тууралуу 20дан ашуун буйрукка кол койгонун маалымдады.

Уюмдун мүчөсү, «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева ал буйруктардын кесепетин төмөнкүдөй мүнөздөдү:

«Бул өлкөнүн алыскы аймактары – Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарын Интернет менен камсыз кылып келген азыркы операторлордун бизнес жүргүзүү жана тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга алып келүүдө. Алдыдагы президенттик шайлоо учурунда миңдеген абоненттердин жана коронавирус пандемиясына байланыштуу аралыктан билим алууга мажбур болгон окуучулардын Интернетсиз калуу коркунучу бар. Жер-жерлердеги тургундар актуалдуу маалыматтардан артта калышы мүмкүн».

Агенттиктин жетекчиси Азамат Дыйканбаев мындай дооматтарды четке кагып, чыр төрт гана компаниянын лицензиясына байланыштуу чыкканын билдирди:

«Ай Спейс» деген компанияныкы баары жакшы, эч нерсеси токтотулган эмес. «Скайнеттин» лицензиясын биз жокко чыгарган эмеспиз, токтотконбуз. Ал биздин үстүбүздөгү Маалыматтык технологиялар комитетине арызданган. Комитет биздин чечимди колдоду. Эгер сот биздикин туура эмес десе, лицензиясын кайра беребиз. Алардыкы мөөнөтүн узартуу маселеси болчу. «Глобал Азия Телекомдуку» ушундай эле. Ал эми «КырРосКомдукун» биз караган эмеспиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен текшерүү керектиги жөнүндө маалымат келген. Текшерүү натыйжасыз пайдалануу бар экенин таап чыккандыктан, лицензиясын токтотконбуз».

Дыйканбаев «КырРосКом» компаниясынын негиздөөчүсү Исмаил Камалов лицензияны токтотпош үчүн пара сунуш кылганын кошумчалады жана буга далил болчу аудиотасма бар экенин билдирди.

Камалов ишкананы негиздегенин, азыр ага тиешеси жок экенин жана пара сунуш кылбаганын айтты.

Азамат Дыйканбаев агенттикке жетекчи болуп быйыл июнь айында дайындалган.

Байланыш агенттиги 2017-жылдан бери радио жыштыктарды 10 жылдык мөөнөткө сатуу аукциону онлайн ыкма менен өткөрүлөрүн, ошондон бери жыштыкты пайдалануу укугу 23 миллион 700 миң сомго сатылганын жана бул акча бюджетке түшөрүн «Азаттыкка» буга чейин билдирген.

Быйыл май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон жана мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG