Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Прокуратура: Кулибаев "каймак калпыган" эмес


Казакстан. Тимур Кулибаев.
Казакстан. Тимур Кулибаев.

Казакстандын Башкы прокуратурасы британиялык Financial Times гезити жазган фактыны текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын жарыялады.

Гезит мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Кытайга өткөн газ куурунун курулушунан ондогон миллион доллар алган жашыруун чийимдер тууралуу жазып чыккан.

Тимур Кулибаевдин арызынын негизинде жүргөн текшерүүнү жыйынтыктаган Казакстандын Башкы прокуратурасы Кытайга тартылган газ куурунун курулушунда “мыйзам бузуулар аныкталган жок" деген тыянак чыгарды.

Былтыр жыл этегинде Британиянын Financial Times гезити таасирдүү жана эң бай адамдардын бири, миллиардер Тимур Кулибаев Кытайга Казакстан аркылуу өткөн газ куурун курган мамлекеттик компанияларды көзөмөлдөгөн учурда ондогон миллион доллар алып, контракттардын “каймагын калпыган” схемалар тууралуу жазган.

“Азаттыктын” казак кызматы Кулибаев макаладагы фактыларды текшерүү үчүн Казакстандын Башкы прокуратурасына кайрылганын кабарлаган.

"Кулибаев гезиттин макаласындагы белгиленген жагдайларга байланыштуу расмий текшерүү жүргүзүүнү суранган. Ал аталган келишимдерге анын эч кандай катышы болбогонун айткан. Financial Times "Кулибаев орусиялык ишкерге таандык ЕТК компаниясынын Казакстан аркылуу өтчү газ куурунун пайдасынан чоң үлүш алып турган" деп жазып чыккан. Financial Times гезитинин журналисти, макаланын автору Кулибаевдин аракетине карата "Твиттерге" реакциясын жазып, Казакстандын Башкы прокуратурасы далил-документ издесе, муну окусун деп макаласынын шилтемесин көрсөткөн”.

Тимур Кулибаевдин юристтери макаладагы маалыматтар бурмаланганы тууралуу кабар тараткан. Бирок Кулибаев чет элдик басылмадан төгүндөө талап кылып, британиялык сотко кайрылган эмес.

Британиялык басылманын журналисти, Том Бержес өз макаласын 2008-2014-жылдардагы электрондук кат алышууларга таянып жазганы, ал каттарды журналистке ысымы аталбаган булак бергени көрсөтүлгөн.

Financial Times ырастагандай, каттар Кулибаевге ЕТК компаниясы менен түзүлгөн келишимдерден киреше тапкан схеманы ачыктаган.

“Азаттыктын” казак кызматы ошол схеманын кыскача мазмуну боюнча чет элдик басылмага шилтеме келтирген.

“Financial Times гезити жазган схема мындай экен. Кытайга өтчү газ куурунун бир бөлүгү Казакстан аркылуу тартылган. Ага орусиялык ишкерге таандык компания жооптуу болгон. Анда Кулибаевдин ишенимдүү адамы бар. Басылманын маалыматы боюнча аталган компания Украина менен Орусиянын заводдорунан түтүктөрдү алып турган. Ошондой эле ал кытайлык компаниядан болот металлынын тоннасын 935 доллардан сатып алып, ал эми украин жана орус заводдоруна 1500 доллардан жеткиргенин жазган. Мындан компания 75 миллион доллар пайда көргөн. Анын болжол менен 53 млн. долларын Кулибаев алган. Акча түз эле ага түшкөн эмес. ЕТК Сингапурдагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компанияларга которуп, алар аркылуу Назарбаевдин күйөө баласына түшкөн дейт аталган басылма".

Казакстандын Башкы прокуратурасы “текшерүү тармак боюнча ыйгарым укуктуу органга - Энергетика министрлигине тапшырылып, ал орган иликтөө жүргүзгөнүн” билдирди. Текшерүүдө “мыйзам бузуулар табылбаганы жана ал тууралуу арыз ээсине жооп берилгени” Башкы прокуратуранын “Азаттыктын” казак кызматына жиберген катында айтылат.

Бирок прокуратура "текшерүү кантип жүргөнү жана эми мындан ары бул иш боюнча кандай чаралар көрүлөт” деген суроолорду жоопсуз калтырган.

Тимур Кулибаевдин адвокаттары анын кардарынын "күмөндүү схемаларга кыйыр да, түз да байланышы жоктугун" айтып, чет элдик басылманын маалыматтарын четке каккан.

Англиялык журналисттин бул макаласы АКШ конгрессмендеринин көңүлүн бурду. Конгрессмен Бенни Томпсон президент Жо Байдендин администрациясын Казакстандагы “клептократияга” көңүл бурууга үндөп, маанилүү чөлкөмдө жайгашып, АКШнын стратегиялык өнөктөшү болууга умтулган Казакстандагы болжолдуу коррупцияга тынчсыздануусун билдирген.

Америкалык Forbes журналы Кулибаевдердин байлыгын 5,6 млрд. долларга баалаган. “Алмэкс” холдинг компаниясы аркылуу Тимур Кулибаев жана анын жубайы Динара Кулибаева Казакстандагы ири банкты көзөмөлдөрү жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG