Күн ысыгандан бери Бишкек шаарында ичүүчү суунун таңкыстыгы курч көйгөйгө айланды. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы жаңы конуштарга суу жетпей, нааразы болгон тургундар көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылууда. Расмий жетекчилер суу тартыштыгын чечүү үчүн тургундар өздөрү да аны ысырап колдонууну токтотушу керек дейт. Суу көйгөйүнүн жаралышына климаттын өзгөрүшү, бейчеки колдонуу жана шаар куруу процессин шалаакы башкаруу сыяктуу бир катар себептер айтылууда.
Ичүүчү суунун тартыштыгына кандай жагдайлар таасир кылууда? Мындай жагдай күтүлгөн беле? Аны алдын алуу боюнча кандай иш-аракеттер жасалган? Калк керектөөсүнүн өсүшүнө инфратүзүмдүн курулушу жетишип жатабы?
"250 метрден кыйынчылык менен алып чыгып атабыз"
Бишкек шаарынын бийлиги болгон күчүн ичүүчү суу көйгөйүн чечүүгө жумшап жатат. Бирок узак мезгилден бери чогулуп келген инфратүзүмдүк иштер бүгүн-эртең чечиле калчудай эмес.
Бишкек шаары негизинен эки жер алдындагы суу кампасынан суу ичет. “Орто-Алыш” суу кампасы Ала-Арча дарыясынын нугунда жайгашкан. Эсептөөлөр боюнча ал секундасына 6,5 м3 суу берет. Расмий документтерге ылайык, “Орто-Алыштын” аймагында жалпысынан 600 скважина курулган, учурда анын 250 иштейт. Алар Бишкек шаарынын түштүк, түштүк батыш аймагындагы калкты жана Сокулук районунун айрым айылдарын ичүүчү суу менен камсыздайт. Бул аймакта курулган сууканалардын эң ириси “Орто-Алыш” деп аталган аты уйкаш суукана. Ал мындан 94 жыл мурда курулган жана шаардын 43% ичүүчү суу менен камсыздайт.
Экинчиси, “Ала-Арча” суу кампасы – Аламүдүн дарыясынын нугунда жайгашкан. Ал секундасына 9,5 м3 суу берет деп эсептелген. Суу кампасынын аймагында 1200 скважина курулган, анын 600 ашууну иштейт. Алар Бишкектин чыгыш жана түндүк аймагына, ошондой эле Аламүдүн районунан Сокулукка чейинки айылдарга суу берет.
“Бишкексууканал” ишканасынын маалымат катчысы Эрлан Тимуров шаарды ичүүчү суу менен камсыздаган суу кампалары тууралуу буларды айтып берди.
“Шаардын астында “Орто-Алыш” жана “Ала-Арча” суу кампасы бар. Мисалы, шаардын үстү жагы “Орто-Алыш”, төмөн жагы “Ала-Арча” суу кампасы болуп калат. Бишкек шаары боюнча 35 суукана бар, ошонун эң чоңу “Орто-Алыш”. Ал жалпы жонунан шаардын 43% ичүүчү суу менен камсыздайт. Түндүк жагынан темир жол тилкеси, чыгышынан Достоевский көчөсү, күн батыш тарабынан Муромский жана Алыкулов көчөлөрү, үстү жагынан резиденция жактагы Семетей көчөсү менен чектешкен чоң чарчы аянтты “Орто-Алыш” сууканасы камсыздап келет. Ошол жерде 93 жыл мурун суукана куруп жаткан кезде суу булак болуп өзү чыгып турган. Азыр 250 метр тереңдиктен сууну кыйынчылык менен алып чыгып атабыз”.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасындагы Гидрогеология башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Орто-Алыш” жана “Ала-Арча” суу кампаларындагы суунун деңгээли 1997-жылдан бери 52 метр түшүп кеткен.
Бишкек шаарындагы ичүүчү суунун тартыштыгынын жаралышына себепкер болгон бир нече жагдай айтылат.
Сууну бейчеки колдонуп, ашкере коромжу кылуу
Расмий эсепте Бишкек шаарынын бир жылдык суу керектөөсү 80 млн. м3 түзөт.
Мэриядан билдиргендей, учурда Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ынтымак, ТЭЦ-2, Селекция, Жогорку жана Төмөнкү Орок, Ак-Ордо, Ала-Тоо ж.б. айылдардын жашоочулары суу машакатын өзгөчө тартып жатышат.
Шаар бийлиги ичүүчү суунун тартыштыгынын жаралышына негизги себеп катары эки жагдайды – калктын сууну ашкере коромжу кылып жатканын жана климаттык шарттын катаалдашын көрсөтүүдө.
Жан башына 170 литр суу колдонуу өлчөмү бекитилген болсо, учурда ал көрсөткүч 400 литрден ашууда. Муну менен катар, шаардын суу жеткирүүдөгү инфратүзүмү эскилиги жеткендиктен, жай мезгилинде суунун техникалык коромжусу 70% чейин жетет.
Адистер жаңы сууканалар менен скважиналарды куруунун ордуна калктын суу колдонуусун жана уюштуруу иштерин тартипке салуу зарыл болуп турганын белгилешет.
Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев ичүүчү сууну максатсыз жана бейчеки колдонуу башкы себептердин бири болгону менен климаттык шарттын өзгөрүүсү да өз таасирин кылып жатканын айтат.
“Мунун бардыгы эмнеден келип чыгып атат? Бул биздин климаттык маселеден да бар. Анткени, азыр күн кечкисин суугураак болуп, мөңгүлөрдүн эриши азыраак болуп жана жер алдындагы суулардын деңгээли ылдый түшүп кеткен. Мисалы, кээ бир артезиандык скважиналар буга чейин 58 метрден алып келсе, соңку кездери 78-80 метрге чейин түшүп кеткени байкалып атат. Жыйырма метр, өзүңүз билесиз, жети кабат үйдөгү суунун деңгээли ылдый түшүп кеткен. Анткени, дарыяларда суу жок, азыктандырган көлмөлөрдө суусу жок туруп калгандан да келип чыккан иш”.
Арийне, гидрогеологдор расмий бийлик таянып жаткан экологиялык жагдайды жаңылыш пикир деп эсептешет.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири
Кыргызстандын 2040-жылга чейин улуттук суу стратегиясында жазылгандай, жер астындагы суу кампасын колдонуунун деңгээли 23-43% ашпайт. Жер астынан алынган суунун 58% калкты ичүүчү жана чарбалык-тиричилик максатта колдонууга жумшалат. Дагы 24% сугатка, өнөр-жай объектилерин өндүрүштүк-техникалык камсыздоого 17% жана бөтөлкөгө куюп сатууга 1% иштетилет.
Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев парламенттеги жыйынга катышып жатып үч ай мурун Бишкекте суу көйгөйү боюнча илимий конференция болуп, андагы корутундуларды мамлекеттик мекемелерге, алардын ичинде Бишкек мэриясына да жөнөтүшкөнүн билдирди.
Климаттын жер алдындагы сууларга таасир этүү механизми кандай жүрөт? Гидрогеологдор жер алдындагы суулар негизинен дарыялардын фильтри менен сугат тармактарынын коромжусунан азыктанышарын айтышат. Климат өзгөрүп, дарыялардын агымы азайса, жер үстүндөгү суунун таңкыстыгы жаралат жана айыл-чарбасы үчүн көйгөй алып келет. Дыйкандар бардык сууну сугатка алып кетишет жана сууну аз коромжу кылган прогрессивдүү технологияларды колдонуу көбөйөт. Мындайда, чындыгында, жер алдындагы горизонттордун азыктануу жолдору буулат. Ал кайсы бир мезгилден кийин натыйжа берип, жер алдындагы суу азайып кетет.
Бирок, адистер бекемдегендей, жер алдындагы суулардын азайышынын себебин климаттык өзгөрүүлөр менен түшүндүрүү жаңылыш пикир. Анткени, жер алдындагы ичүүчү суунун булагы башка. Ал булак климатка көптөгөн жылдардан кийин гана реакция кылат. Башкача айтканда, азыр ичүүчү суунун таңкыстыгы жаралып жатса, анын себеби бери дегенде беш жыл мурун болгон болушу мүмкүн.
Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Суу көйгөйү жана гидроэнергетика институтунун Жер алдындагы сууларды сарамжал пайдалануу лабораториясынын башчысы Рафаэль Литвак Бишкек шаарындагы суу таңкыстыгына климаттык өзгөрүүлөр узак мезгилде барып гана таасир кылат деп эсептейт.
“Биз жер алдындагы суунун курагын баалап көргөнбүз. Биздеги суунун курагы бир кыйла жаш, болжол менен 20 жылды түзөт. Башкача айтканда, мөңгүдөн эригенден ичкенге чейин 20 жыл убакыт өтөт. Бул жерде дарыядай эмес – мөңгүдө эриген суу азайып кетсе, ошол эле жылы жер үстүндөгү суу тартылып кеткендей. Жер алдындагы сууда андай болбойт, биз суунун агымы азайганын көптөгөн жылдардан кийин гана сезебиз. Бирок, качандыр бир кезде кетирилген каталыктарды оңдоо дагы абдан татаал иш. Маселен, булганууну алалы – эгерде жер бетиндеги дарыяларда суу үч күндө булганса, жер алдындагы горизонтто булгануу процесси жүздөгөн жылдар менен эсептелет”.
Сууну өндүрүү менен пайдаланууну башкаруудагы көйгөйлөр
Борбор калаадагы суу көйгөйүнүн курчушуна шаардын калкы эле эмес, депутаттар, активисттер жана эксперттик чөйрө дагы шаар бийлиги менен өкмөттү күнөөлөп турат. Жаңы конуштардын тургундары жол тосуп, нааразылык митингине чейин чыгышты.
Бишкек шаарында 700 миңдей киши жашайт деп эсептелсе, 2022-жылдагы калкты каттоо документтеринде иш жүзүндө шаар калкы 1 млн 150 миңге чукул экени такталган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Бишкектин айланасында 47 конуш бар (1991-жылдан кийин түптөлгөн). Аларда 230 миңге чукул калк жашайт. Жаңы конуштарга ичүүчү суу берүү үчүн жаңы объекттер курулган эмес, аларга да учурдагы кубаттуулуктун эсебинен берилет.
“Бишкесууканал” 270 миң 342 абонентти же 772 357 тургунду тейлейт. Тутумга жылына 7000-8000 абонент кошулуп турат. Ошол эле маалда, суу түтүктөрүнүн 70-80% жедеп эскилиги жеткен.
“Бишкексууканал” ишканасынын маалымат катчысы Эрлан Тимуров барган сайын шаардын калкы көбөйүп, ага жараша сууну керектөө да өсүп баратканын билдирди.
“Жылдан-жылга Бишкек шаарынын тургундары көбөйүп келатат. Мисалы, 2022-жылы 263 миңден ашык абонент болсо, быйыл 270 миң абонент болуп жатат. Абонент деген бир үйдү билдирет, мисалы бир үйдө канча киши болушу мүмкүн – статистикалык маалыматтарга ылайык, бир үй-бүлөдө орто эсеп менен 3,5 киши деп чыгарылган. Кишинин саны көбөйгөн сайын суунун коротулушу дагы көбөйөт. Ал дагы бизге кыйынчылыкты жаратып атат”.
Мэриянын маалыматын карасак, Бишкек шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн соңку 10 жыл ичинде “Орто-Алыш” сууканасында 34, “Баш-Карасуу” сууканасында 12 кошумча скважина курулган. Аларды Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен Дүйнөлүк банк каржылаган. Мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарында жаңы сууканаларды жана скважиналарды куруу иштерине каражат дээрлик бөлүнгөн эмес.
Адистер бишкектиктер сууну ашкере көп колдоноору айтылган менен, анын агымын көзөмөл кылган механизм азырынча кеңири жайылбай жатканын белгилешет. “Бишкексууканалдын” маалыматына ылайык, абоненттердин 12% гана суу эсептегич колдонот, калгандары үйдөгү жашаган адамдын санына карап дүңүнөн төлөйт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков шаар бийлиги тынымсыз өсүп жаткан калктын камын көрүп, инфратүзүмдү өнүктүрүү менен алектенбегенин одоно шалаакылык катары баалады.
“Абоненттер кошулуп атат, бирок каражаты белгисиз. Туура, объекттер салыныш керек, таза суу кошулуш керек деп ойлойм. Бирок ошонун баарына шарт түзүп бериши керек. Ошончо кошулуулар болгондон кийин эмне үчүн силер жаңы скважиналарды курганга каражат бөлгөн эмессиңер жана планга киргизген эмессиңер? Ишкерлер өзүнүн жумушун кылууда. Бирок шаардын жетекчилери сууну жетиштирүү үчүн кечиктирбестен жаңы объектилерди курушу керек эле. Анан “каралып атат, минтип атат” дегендин кереги жок. Ошонун себебинен мына, бүгүн эл көчөгө чыгып атат. Бүгүнкү күндө Ак-Ордо жакта көптөгөн микрорайон түшөт деген долбоорлор башталды. Алар дагы эртең таза суга кошулушу керек. Бирок биздин суунун башын оңдобой туруп андай объектилердин салынышы кандай болот?”.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын Гидрогеология башкармалыгынан билдиргендей, шаарды ичүүчү суу менен камсыздаган скважиналардын эң көбү “Бишкексууканал” ишканасына таандык. Бирок, соңку жылдары шаар өсүп, курулуш көбөйгөн сайын ар жерден жеке скважиналарды куруп иштеткендер да көп болууда. Алардын 30 метрге чейин казгандарына уруксат талап кылынбайт, андан ашса мамлекеттен уруксат алышы керек. Ал эми өндүрүштүк максатта иштетүү үчүн казгандар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен атайын лицензия алышы шарт. Гидрогеологдор соңку жылдары скважиналарга лицензия берүү иши башаламан жүрүп, көзөмөл начарлап кеткенин айтышат.
Эмне кылуу керек?
“Орто-Алыш” сууканасы Бишкектин 43% ичүүчү суу менен камсыздайт деп айтылат. Маниципалдык бийлик шаар чоңойгон сайын керектөө да өсүп, суукананын дараметине күч келип баратканын, анын жүгүн жеңилдетүү зары болуп турганын билдирүүдө. Мэрия азыркы суу тартыштыгын чечүүнүн кыска мөөнөттөгү жолу катары “Орто-Алыштын” абоненттеринин бир бөлүгүн башка сууканаларга которуп жатат. Эсептөөлөр боюнча, анын абоненттеринин бир бөлүгүн “Түштүк-Батыш” сууканасына которуу менен 600 куб суу бошотулмакчы. Аталган суукананын чыгыш тарабында 2-деңгээлдеги суу тосмолорун орнотсо, дагы 300 куб суу бошотулат. Шаар бийлиги ушундай жол менен “Орто-Алыш” сууканасында бир кыйла суунун резерви пайда болоруна ишендирүүдө.
Мындан тышкары, шаардын суу маселесин чечүү үчүн узак мөөнөттөгү иштер да белгиленген. Жаңы скважиналарды куруу үчүн шаардын айлана-тегерегинен дагы үч жер тилкеси керектелет. “Баш-Карасуу” сууканасынын жанынан 4 га, “Сельский” сууканасынын жанынан 3 га жана “Контррезервуары” сууканасынын жанынан дагы 4 га жер тилкеси талап кылынат. Мэрия алар тууралуу өкмөттүн алдына эки жылдан бери маселе коюп келатканын айтып жатат.
Бишкек мэриясы бир эле суукананы курууга бери дегенде 150 млн сом, баарына 500 млн сомго чейин каражат талап кылынарын айтууда. Маселен, “Баш-Карасуу” сууканасын кеңейтүүгө 150 млн. сом, “Сельский” сууканасына 120 млн. сом жана “Контррезервуары” сууканасына 180 млн. сом талап кылынары эсептелген. Ошондой эле, жаңы булак катары Ысык-Ата суу кампасын ачып, иштетүү зарылдыгы жаралса, ага 200 млн. доллар керектелет деп болжолдонот.
Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев шаар курууга архитектурадан уруксаттар берилип, бирок мэрия инфратүзүмдү куруп жетишпей келатканын айтты.
“Бир айга жетелек, Бишкек башкы архитектураны Бишкек шаарынын түзүмү катары кабыл алдык. Себеби, буга чейин шаардагы курулуш иштерин, техникалык шарттарды иретке алыш үчүн. Биз бул жагынан куруп жетишпей жатабыз, инфратүзүм курулуштун артынан келатат. Анан, ушундай тартыштыктар пайда болуп, бүгүнкү күндө абал ушундай. Мына, техшарттар боюнча да биз эми иреттүү түрдө көзөмөлгө алып туруп, бардык кызматтар менен бирге пландуу болушу керек. Бирок, шаар дагы чоңоюш керек, биз шаарды токтото албайбыз. Ошондуктан, биз жанагы бекитилген сууканаларды көбөйтсөк, анда бизде беш жылдык резерв пайда болот”.
8-июнда парламенттин бюджет комитети “Баш-Карасуу” сууканасына кошумча скважиналарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 150 млн. сом бөлүп берүү чечимин кабыл алып берди. Алдыда жер тилкесин шаардын балансына берүү маселеси чечилсе, курулуш иштери башталмакчы.
Ушул күндөрү “Бишкексууканал” ишканасы шаардын 6 жеринен сугат үчүн колдонулуучу скважиналарды курууга киришип жатканын билдирүүдө.
Деген менен, адистер колдогу сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнбөй туруп, жаңы скважиналарды куруунун пайдасынан зыяны көп болорун эскертишүүдө.
Гидрогеология адиси Рафаэль Литвак жаңы артезиандарды куруп, сууну көбүрөөк алганга караганда суу колдонууну башкаруу ишин жөнгө салуу зарыл болуп турганын айтат.
“Чындыгында “Орто-Алыштын” аймагында суунун деңгээли төмөндөп кетип жатат. Ушундай эле көрүнүш шаардын бүтүндөй түштүк тарабында болууда. Бул суу сордурулганга караганда көп коротулуп жаткандыктан болууда. Бүгүн эрте менен вице-мэрде суу жетишпей жаткандыктан кошумча скважиналарды куруу маселесин коюшуп, гидрогеологдордон “жок, болбойт” деген кескин жооп айтылды. Анткени, ал чөйчөктө жылына орточо 3-3,5 куб гана суу алса болот. Эгерде андан көп алсак, анда кийинки жылга калбай калат же такыр эле суусуз калабыз”.
Бишкектин тургундары менен адистер шаарды алдыда саркынды суу көйгөйү да күтүп турганын, жакынкы мезгилде канализациялык тутумдардын чыңалуусу ачыкка чыгарын айтышууда.