Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Арча-Бешикте суу таңкыстыгына нааразы тургундар жапкан жол ачылды


Арча-Бешик, нааразылык акциясы
Арча-Бешик, нааразылык акциясы

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам акцияга чыкты. Алар кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачты. Конуштун тургундары бир канча күндөн берүү суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылып жатат.

Митингге чыккандар менен "Бишкек суу канал" муниципалдык ишкананасынын жетекчиси Таалайбек Орозов жолугуп, кийинки аптада бул маселе чечилерин убада кылды.

Мунун алдында парламентте Бишкектеги суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев бул чоң маселе экенин айтып, мэриянын маалыматын угууну сунуштаган.

Ушул эле маселени депутат Улан Примов көтөрүп, эл арасында сууга байланыштуу нааразылык күчөп жатканын белгилеген. Ал тийиштүү мекемелер эмнеге алдын албаганын жана түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берүүсүн талап кылган.

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.

Шаардык мэрия ичүүчү суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирди.

Мекеме ичүүчү суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG