Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

УКМК Таш-Көмүр шаардык кеңештин эки депутаты камалганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутаты пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады. Анда 31-майда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Б.С.С. менен депутат С.Н.А. 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат.

"Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгарын айтып коркутуп, акча талап кылганы аныкталган. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен бул депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына эки айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Шаардык кеңеш жана камалгандардын жакындары, адвокаттары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG