Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Астанада таза суу жоктугуна нааразы болгондор жол тосушту


Таза суунун жоктугуна байланыштуу жол тоскон астаналыктар.
Таза суунун жоктугуна байланыштуу жол тоскон астаналыктар.

6-июндун кечинде Казакстандын баш калаасы Астанада бир нече комплекстердин тургундары таза суунун жоктугуна байланыштуу жол тосушту.

Ulysmedia.kz басылмасы маалымдагандай, нааразы болгон жарандар сегиз күндөн бери таза суу жок экенин айтып, «Суу бергиле!» деп кыйкырып жатышты.

Тургундардын айтымында, таза суу бир аптадан бери түнкү 2 ден 5ке чейин гана берилет. Алар абанын табы 37 градуска жетип жаткан маалда кыйналып жатышканын, керек болсо ажаатканга бара албай калышканын кошумчалашты. Ошондой эле сатыктагы суу да тез түгөнүп жатканы айтылды.

Чогулгандарга баш калаанын Алматы районунун акими Самат Максатулы келип, тургундарды сабырдуу болууга чакырып, алтургай өзү да «график менен жуунуп жатканын» айтты. Астананын акими Женис Касымбек суу таңкыстыгына байланыштуу маселелердин бардыгы жакынкы айда чечилерин убада кылды. Буга чейин Астанада ушул эле маселеге байланыштуу башка конуштардын да тургундары жол торошкон. Анда калаа бийлиги суу көйгөйүнө «шаар калкынын санынын көбөйүшү жана курулуштардын көптүгү» себеп болуп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG