Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

"Унаанын" машинелерди каттаган системасы дагы үзгүлтүккө учурады


"Унаа" мекемеси 2021-жылдын аягында ИИМдин карамагына өткөн.
"Унаа" мекемеси 2021-жылдын аягында ИИМдин карамагына өткөн.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу "Унаа" мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди. Учурда анын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Мекеме мындан улам айдоочулардан кечирим сурап, жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле, каттоо бөлүмдөрүнө барардан мурда 0999 809 877 номуру аркылуу алдын ала маалымат алуу керектигин эскертти.

Жыл башынан бери "Унаанын" каттоо системасы бир канча жолу үзгүлтүккө учураган жана мекеме муну "ишкананын ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлар" менен негиздеген. Мындай мүчүлүштүктөрдөн улам социалдык тармактарда нааразы болуп пикир жазгандар көбөйгөн.

2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жоюлуп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, "Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG