Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Депутат Акаев мыйзам менен тыюу салуудан мурда альтернатива сунуштоо зарылдыгын айтты


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзам менен тыюу салуу жакшы эмес экенин белгилеп, анын ордуна альтернатива сунуштоо зарыл экенин айтты. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 7-июндагы жыйынында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди.

"6-чакырылышта дагы тыюу салыш керек, жабыш керек деген мыйзамдарды көп кабыл алдык. Бардыгынын кесепети тийди. Тескерисинче элди кыжырданткан учурлар көп болду. Улуттук баалуулуктар, эл-журттун, балдардын келечеги үчүн биз дагы макулбуз. Бирок ушинтип акырындап ар бир нерсеге тыюу сала берген жакшы эмес. Бир нерсеге тыюу салдыкпы, ордуна бир нерсе сунуштайлы. Балдардын сүйүктүү "Керемет көч" деген программасы бар эле. Ютубда миллиондон ашык адам көрчү. Анда эмнеге ага акча бөлүп койгон жоксуңар? Ушул жердеги бир дагы депутат улуттук баалуулуктарды сактайлы, 3 млн. сом бөлүп коелу деп көтөргөн жок да. Анын баарын ЮНИСЕФ жасап бербедиби. Эки жакты карашыбыз керек да... Келечекте тыйыш керек деп эле мораль окуганды токтотушубуз керек. Баланын тарбиясы үчүн биринчи кезекте ата-эне бар, бардыгы эле аны көрбө, муну көрбө деп айтат", - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, парламентте биринчи окууда талкууланды. Исаева турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылып жатканын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салды. Эл өкүлү мыйзамды ишке ашырууда так механизмдер жок экенин белгилеп, мындай демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Эл өкүлү Камила Талиева мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, анын кабыл алынышы кыргыз элинин салттуу баалуулуктары менен каада-салттарын сактоого салым кошоорун белгиледи. Муну менен катар ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын интернеттеги контентти көзөмөлдөө боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурууга чакырды.

Буга санариптик өнүктүрүү министрлигинин орун басары Жазгүл Кийизбаева мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү актылар жана техникалык регламенттер иштелип чыгарын маалымдады. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына токтолуп, интернетте байкоо жана талдоо жүргүзүү боюнча атайын координациялык борбордун зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам кабыл алынса, балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды (зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салынат. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши ыктымал. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG