Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Облустук телекомпаниялардын маяна көйгөйү парламентте көтөрүлдү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлери үч айдан бери айлык маянасын ала албай жаткан маселе 7-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Бактыбек Чойбеков Талас боюнча айтып, мындай көйгөй бардык облустарда бар экенин белгиледи:

"Журналисттердин атынан кайрылуулар келип түшүүдө. Үч ай мурун маданият министрлигинин карамагынан алынып, УТРКга өткөрүлүп берилген. Үч айдан бери журналисттер, операторлор, жалпы жамааты маянасын ала албай жатат. Бул жалаң эле Талас эмес, бардык жети облуста тең ушундай көйгөй жаралып жатат. Батирде жашаганы, насыя алгандары бар, көпчүлүгү карыз болуп баратат. Реформа кылабыз деп айлык маянасын токтотуп коюу орчундуу маселе. Ушуга көңүл буруу керек".

Айлык көйгөйү жаралып жатканын буга чейин башка облустардын кызматкерлери да айтып чыгышкан.

“Азаттык” буга байланыштуу маалымат алуу үчүн 6-июнда Улуттук телерадиокорпорациясына (УТРК) кайрылганда анын жооптуу кызматкерлери облустук бардык алты телеканалдын бюджети аларга 31-майда гана өткөнүн, июндун ондорунда каржылоо башталып, апрель, май жана июнь айларынын маянасы чогуу төлөнүп берилерин билдиришкен.

Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш ийчү, кийин УТРКга өткөн.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG