Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды


Алишер Барктабасов, Албина Болотбекова, Сайкал Алтымышова жана Адеми Адамбек кызы (оңдон солго).
Алишер Барктабасов, Албина Болотбекова, Сайкал Алтымышова жана Адеми Адамбек кызы (оңдон солго).

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 6-июнда тапшырылды.

Төртүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын төрт жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.

“Мен кандай өлкөдө жашагым келет” деген темадагы дилбаян сынагына быйыл 21 бүтүрүүчү катышты. Башкы сыйлыкты Сайкал Алтымышова жеңип алды. 2-орунду Болотбекова Албина, 3-орунду Адеми Адамбек кызы жана Алишер Барктабасов утуп алды.

Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 2019-жылдан бери ыйгарылып келет.

Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG