Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Жогорку Кеңеште Бишкектеги суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында Бишкек шаарындагы суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев шаарда суунун жетишсиздиги чоң маселе жаратып жатканын билдирип, мэриянын маалыматын угууну сунуштады.

"Мен үчүнчү жума бул маселени көтөрүп жатам. Бирок бир дагы жылыш жок же өкмөт карабайт, же мэрияда отурум болбойт. Качан бул көйгөй чечиле турганы тууралуу кеңири маалымат дагы берилбей жатат. Барган сайын бул чоң проблемага айланып, эл суу боюнча чыгат", - деди эл өкүлү.

Ушул эле маселени депутат Улан Примов көтөрүп, эл арасында сууга байланыштуу нааразылык күчөп жатканын белгиледи. Ал тийиштүү мекемелер эмнеге алдын албаганын жана түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берүүсүн талап кылды.

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.

Бишкек мэриясы ичүүчү суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

"Чөлдө жашагандайбыз". Бишкектеги суу тартыштыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00


Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирди.

Мекеме ичүүчү суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG