Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Европа соту Навальныйдын ууланышына байланыштуу Орусияны айыптады


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный үй-бүлөсү менен Германиядагы Шарите ооруканасында. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный үй-бүлөсү менен Германиядагы Шарите ооруканасында. 15-сентябрь, 2020-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзгөн эмес деген бүтүм чыгарды.

6-июнда жарыялаган чечиминде сот "орус бийлиги жүргүзгөн иликтөө жабык болгонун жана жабыркаган адамдын соттук териштирүүгө катышуу укугун эске албаганы аныкталганын" белгилейт.

"Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун жардамы менен аныкталган далилдер Навальный мырза "Новичок" деген шал кылуучу химиялык затка ууланганын көрсөтүп тургандыктан, Орусия Химиялык курал тууралуу конвенциянын катышуучусу болгонуна байланыштуу бул факт боюнча кылмыш ишин козгошу керек эле", - деп жазылат соттун чечиминде.

Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйга келтирилген зыян үчүн орус бийлигин 40 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирди.

Путин былтыр жайында кол койгон мыйзамга ылайык, Орусия аталган соттун 2022-жылдын 15-мартынан кийин чыккан чечимдерин аткарбайт.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун өкүлү Рейтерске орус бийлигинин мындай чечими Навальный ууландырылгандан кийин чыккандыктан, аны аткарышы керек деп билдирди.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG