Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Шойгу Украинада 70тей орусиялык аскер мерт кеткенин билдирди


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 6-июнда билдиргендей, соңку күндөрү украин армиясынын "ийгиликсиз чабуулунан" 71 орус аскери мерт кетти.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Телеграм-каналы аркылуу Шойгу ошондой эле 15 орус танкы жок кылынганын кошумчалады.

"Дагы бир жолу кайталайм, душман өзүнүн максаттарына жеткен жок. Чоң жоготууларга учурады",-деп жазды Шойгу.

Орусия согушта жоготуулары тууралуу дээрлик маалымат бербейт. Ал эми талдоочулар Кремль Украинада мерт кеткен жана жарадар болгон аскерлеринин санын ар дайым азайтып айтарын белгилеп келишет.

Шойгу ошондой эле Кахов ГЭСинин жардырылышы тууралуу комментарий берип, муну украин тарап "дал ошол аймакта орус армиясынын чабуулуна жол бербөө үчүн жасаганын" айтты.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Буга чейин Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин Днепр дарыясынын оң тарабындагы кооптуу аймактан 16 миңдей адам коопсуз жайга чыгарылганын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG