Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Катар эмиринин Бишкек сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду


Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танини “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танини “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстандагы сапарынын алкагында өз ара алака-катышты өнүктүрүүгө багытталган 13 документке кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады.

Кол коюлган документтер:

  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн аскердик тармакта кызматташуусу жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн спорт тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
  • Эки өлкөнүн Юстиция министрликтерини укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Катардын Мамлекетинин муниципалитет иштер министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуусу.
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Катардын Мамлекетинин муниципалитет иштери министрлигинин айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.
  • Эки өлкөнүн Финансы министрликтеринин биргелешкен кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
  • Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катардын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
  • Кыргызстандын Улуттук банкы менен Катардын Борбордук банкынын борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
  • Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институт менен Катар авиациялык колледжинин адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 6-июнда келген. Садыр Жапаров аны менен 7-июнда жолугуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Эки өлкөнүн дипломатиялык алака-катышына быйыл 25 жыл толду.

Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык алакасы 2010-жылдан кийин аз-аздан жандануу жолуна түшкөн. 2012-жылы Катар мамлекети Бишкекте өз элчилигин ачкан. Эки жыл өткөн соң, 2014-жылы Дохада кыргыз элчилиги ачылган. Кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылы кабыл алган мыйзамына ылайык, 61 мамлекеттин жарандары үчүн Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген, алардын ичинде Катар мамлекети да бар.

Катар эмири Борбор Азия аймагына жасаган бул сапарында Бишкектен кийин Казакстан менен Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бишкекке келгенге чейин Өзбекстанда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG