Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Иран Сауд Арабияда элчилигин кайрадан ачты


Иран менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Тегерандын Эр-Рияддагы элчилигин ачып жатышат. 6-июнь, 2023-жыл.
Иран менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Тегерандын Эр-Рияддагы элчилигин ачып жатышат. 6-июнь, 2023-жыл.

Саудиялык маалымат каражаттары кабарлагандай, 6-июнда Иран Эр-Риядда кайрадан элчилигин ачты. Бир нече ай мурда Кытайдын ортомчулугу менен аймактагы эки мамлекет дипломатиялык келишпестикке чекит коюну макулдашкан.

Эки мамлекеттин ортосундагы көп жылдан берки касташуу Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч туудуруп келген.

Жети жылдан бери жабык турган элчиликтин аймагында өткөн салтанатка ондогон дипломаттары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

«Бүгүнкү күн Иран ислам республикасы менен Сауд Арабиясынын ортосундагы маанилүү күн деп эсептейбиз», - деди ачылыш аземинде Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Бикдели.

2016-жылы Эр-Риядда шийи диниятчы өлүм жазасына тартылгандан кийин Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине чабуул коюлган. Падышалык мындан кийин Иран менен байланыштарын үзүп, Тегерандан дипломаттарын 48 сааттын ичинде чыгарууну талап кылган.

Ортодогу мамилелер ага чейин эле, Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмираттары Йемендеги согушка аралаша баштаганда начарлаган. Ал жакта Иран менен байланыштагы Хуси кыймылы Эр-Рияд колдогон өкмөттү төңкөрүп, борбор шаарды алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG