Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

"Тамчы сууга зар болдук". Бишкек, Чүйдө таза суу тартыштыгы күч алды


Таза суу ташыган балдар (иллюстрациялык сүрөт).
Таза суу ташыган балдар (иллюстрациялык сүрөт).

Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу көйгөйү курчуду. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары суу тартыштыгына нааразы болуп жатышат.

Мэрия муну суунун ысырап болушу жана климаттык шарт менен түшүндүрүүдө. Урбанисттер шаар өскөн сайын анын ресурсун көбөйтүү боюнча ырааттуу иштер жасалышы зарыл экенин белгилешет.

Күн сайын ичүүчү суунун тартыштыгы тууралуу ар кайсы конуштардын тургундары пикирлерин жазууда. Ак-Жар конушунун тургуну Жыргалбүбү Кадыралиева күн ысыгандан бери таза суу тартыштыгы күч алганын билдирди:

“Ак-Жарда жалпысынан 43 көчө бар, анын баш жактарында суу жакшы эле чыгып, аяк жагына жетпей калып жатат. Сууну адамдар бакчаларына ачып таштап салганы үчүн бизге жетпей калып жатат. Үч миңден ашык түтүндүн 1500үнө суу жетип атса, калган жарымына жетпей калып жатат. Түнкү саат 12-1лерде чыгып, таңкы 6:00гө чейин эле чыгып атат. Күн ысыгандан бери ушундай болуп атат. Жыл сайын эле ушундай болуп турат, бирок бул жолкусунда аябай эрте башталды. Бир-эки көчө ары жактан ташып келебиз же түн ичинде уктабай идиштерибизди толтурабыз. Азырынча ушинтип жашап атабыз, күн ысыкта аябай кыйналдык. Күйүп кетпеши үчүн кир жуугуч машина, аристондорду бүт сууруп койгонбуз. Мэрияга, “Бишкексууканалга” кат жазган болчубуз, менде СМСтер дагы сакталуу турат, бирок жооп жок”.

Ак-Ордо конушунун тургуну Лунара Бекиева үйүндө ичүүчү суу араң агып, айрым күндөрү таптакыр чыкпай калганына бир ай болгонун айтып берди:

“Кечинде алты жарымда жумуштан келсем бир тамчы суу чыкпай калыптыр. Түнкү 11ге чейин күттүм, бирок ошол бойдон суу келген жок. Кээде жуунганы кирип, башың самын бойдон калып калган учурлар болот. Айрым кошуналарыбыз помидор, бадыраң тигип, жер-жемиштерди сугарышат, анан албетте бизге суу жетпейт. Эсептегич коюш керек же башка бир чара көрбөсө болбой калды. Жай келе электе эле ушинтип жатабыз, аптапта эмне болобуз? Такыр эле суусуз калабыз го. Элдин баары нааразы болуп отурат”.

Суу маселеси бир эле Бишкек жана анын тегерегиндеги конуштарда эмес, Чүйдүн Сокулук районуна караган жерлерде да бар. Сокулуктун 105-контур деп аталган конушунда жашаган Тынардын үйү суу бөлүштүрүүчү жайдын жанында жайгашкан.

“Суу өчүп калганда, коңшу Кашка-Баш айылынан суу ташыйбыз. Мурдагы күнү ал жерде да суу жок болуп калды. Буга чейин сууну кезек-кезеги менен өчүрүп турабыз деп жарыялаган. Бирок жадыбал менен кое берген күндө деле суу толук жетпей калат. Эки күн суу жок отурдук. Беш баламдын кичүүсү экиде. Кичинекей балдар менен суу көп колдонулат. Идиш жууй албайбыз, же тамак жаса албайбыз, же сууга түшө албайбыз. Кыштын кычыраган күнүндө жарыкты өчүрүп, баасын көтөрүштү. Эми жайында сууну өчүрүп, суунун баасын көтөрүштү. Бизден ылдый Кашка-Баш, Ак-Ордо, Селекционныйда да дал ушул көйгөй”.

Ак-Ордо конушунун жарымы Бишкекке, жарымы Сокулук районуна карайт.
Жаңы конуштардын жашоочулары үчүн суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатканын айткандар да бар.

Маселени парламенттин 1-июнундагы сессиясында депутат Дастан Бекешев көтөрүп, өкмөттү аны чечүүгө чакырды.

“Бул маселеге Министрлер кабинети көңүл бурбаса, аны чечиш кыйын болуп калат. Мэриянын каражаты жок. Министрле кабинети бул көйгөйдү отурумга киргизип, талкууласа жакшы болмок. Форумда (ред. 31-майда “Суу – өнүгүү башаты” урааны менен Бишкете форум өткөн) бизде суу көп, суу аркылуу байып кетебиз деп айтылган. Бирок ичүүчү суу борбор калаабызда жок болуп жатканы, бул уят нерсе. Суунун тартыштыгына көп факторлор себеп: башаламандык курулуш, ирригицаялык система иштебей, сугатка ичүүчү суу пайдаланууда. Бул өтө көп тармактуу көйгөй”, - деди Бекешев.

Башкалаанын өзүндө да көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары суу бат-баттан үзгүлтүккө учурап жатканын билдирип жатышат.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев суу көйгөйүнүн себептерин түшүндүрүп берди.

“Мунун бардыгы эмнеден улам келип чыгып атат? Бул биздин климаттык маселеден да жаралууда. Анткени, күн кечкисин суугураак болуп, мөңгүлөрдүн эриши азыраак болгондуктан, жер алдындагы суулардын деңгээли ылдый түшүп кеткен. Мисалы, кээ бир артезиандык скважиналарда буга чейин 58 метрден суу алып келген болсок, алар учурда 78-80 метрге түшүп кеткени байкалууда. 20 метр – бул жети кабат үйдүн деңгээлине барабар. Анткени, дарыяларда, көлмөлөрдө суу жоктон улам да келип чыккан иш. Сууканалардагы суу белгиленген көлөмдөн аз болуп жатат. Мунун баары сууну ысырап колдонуудан келип чыгууда. Короо-жайларды сугаргандан улам, кээ бир жерге суу жетпей калып жатат. Мисалы, Арча-Бешик конушунда дагы убагында ашар жолу менен көп түтүктөр салынып калган. Алардын айрымдары иретсиз салынган, кээ бир жерде жүздүк, кээ бир жерде эки жүздүк түтүк менен кеткен. Ошол түтүктөрдөн чоң көлөмдөгү суу кеткендиктен, басым түшүп кетип, айрым көчөлөрдө суунун тартыштыгы жаралууда”.

Орто-Алыш сууканасы Лев Толстой көчөсүнүн өйдө жагындагы аймакты же шаардын 40% калкын суу менен камсыздайт. Калктын саны өскөн сайын анын да жүгү оорлоп, суу жеткирүү кыйындап барат. Вице-мэрдин айтымында, шаар бийлиги калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча эки багытта иш алып барууда. Биринчиси, Орто-Алыш сууканасындагы абоненттердин бир бөлүгүн Түштүк-Батыш сууканасына которуу иштери жүрүүдө. Ал эми экинчи багытта Башкарасуу сууканасынын жанынан кошумча жер тилкеси ачылып, жаңы скважиналар курулат. Ал скважиналар Арча-Бешик, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштарга суу берет.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 менчик мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылды.

Вице-мэр Шамыралиев бир айдын ичинде шаардагы суу көйгөйүн чечип, кийинки жылы маселе чыкпагыдай аракет жүрүп жатканын билдирди:

“Азыр рейддерди уюштуруп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, короо-жайды ичүүчү суу менен сугарууну жокко чыгарып жатабыз. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, короосун сугаргандарга айыптар салынып, ар бир үйгө мөөр басылып жатат. Шаар мэриясынын тескемеси чыгып, мончолор менен унаа жууган жайларга суу берүү убактылуу токтотулду. Азыр суунун басымы турукташтырылганча аларга суу берүү токтотулуп, убактылуу чектөөлөр менен иштейт. Азыркы күнү абал турукташып келе жатат. Биз 2-3 жумада кырдаал калыбына түшөрүн айтып жатабыз. Учурда ошол атайын көлмөлөргө суу көбүрөөк кирип жатат (500-600 литр/сек) жана жер алдындагы суунун көлөмү турукташты. Дагы бир жумада алардын деңгээли да көтөрүлө баштайт, көтөрүлгөн сайын насосторубуздун кубаттуулугу дагы жогорулайт”.

Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен 1-июндан тартып таза сууга жана канализацияга болгон тариф кымбаттаган.

Документке ылайык, бир куб метр таза суу:

  • шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттады.
  • Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй:
  • шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго;
  • бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго көтөрүлдү.

Урбанист Айгүл Насирдинова шаар калкынын керектөөсү өскөн сайын аны сапаттуу камсыздоо боюнча ырааттуу иштер аткарылышы зарыл экенин белгилейт.

“Биздин 2022-жылга чейинки Башкы планда божомолдор бар болчу. Жылына кишинин саны өскөн сайын ар бир шаардын энергиясы, суусу – ошонун баары ресурс да. Турак жай салышат, ресурстар азая баштайт, кошумча суу чыгарыш керек деп айтылган. Ал жөнүндө алдын ала эле белгилүү болчу. Биринчиден, үнөмдөөчү эсептегичтерди сөзсүз коюш керек, антпесе эл баары бир сууну үнөмдобөйт. Экинчиден, суу бөлүштүрүү деп коёт, кайсы жерде болбосун суу керек болот – курулуш жүрүп жатабы, же продукция өндүрүлүп жатабы, же башка иш-чаралар болуп жатабы – суунун чыгымы илгертен эле бар болчу. “Суу комплексин өнүктүрүү схемасы” деп өзүнчө схема жасалган. Канализациялык коллекторлор, сууканалар ж.б. Биринчи, үнөмдөө, мындан эч кайда кете албайсың, суу көп болбойт”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында калкты таза суу менен камсыздоочу 37 суукана жана 334 скважина иштейт. Бекитилген норма боюнча ар бир киши суткасына 170 литр суу колдонушу керек болсо, учурда ал 410 литрге жетүүдө же 2,5 эсеге жакын өскөн.

Таза суу маселеси Бишкектен тышкары Ош, Майлуу-Суу сыяктуу шаарларда, Кыргызстандагы жүздөгөн айылдарда курч бойдон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG