Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бишкекте суунун тартыштыгынан 15 мончо, автоунаа жуучу жай жабылды


Бишкекте суунун тартыштыгынан 15 мончо, автоунаа жуучу жай жабылды.
Бишкекте суунун тартыштыгынан 15 мончо, автоунаа жуучу жай жабылды.

Бишкекте ичүүчү суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриянын маалыматында, Бишкекти ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирди.

“Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин башкача айтканда 241% көбөйгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме ичүүчү суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырды. Андан тышкары Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары суу чыкпай жатканына арызданышууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG