Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Диний уюмдун өкүлдөрү пара берүүгө шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун эки өкүлү кармалганын, алардын бири чет өлкөнүн жараны экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдарды бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат албай эле чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилген эмес.

Шектүүлөр маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, 1000 доллар пара сунуштаган. 29-майда бул сумманын 500 долларын берип жаткан жеринен кармалган. Чет элдик жаран атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иликтенип жатат. УКМК Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин мыйзамдарды сактоого чакырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG