Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Май айында Орусиядан төрт мигранттын сөөгү алынып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл май айында Орусиядан Кыргызстанга төрт мигранттын сөөгү жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келген, алардын 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG