Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Индияда поезд кырсыгынан каза болгондор 300гө жакындады


Индиянын чыгышындагы Одиша штатында болгон кырсык.
Индиянын чыгышындагы Одиша штатында болгон кырсык.

Индиянын чыгышындагы Одиша штатында жүргүнчү жана жүк ташыган поезддер кагышып, кеминде 288 адам мерт кетип, дагы 900дөй киши жаракат алды. Жума күнү болгон кырсыктан каза болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Индиянын өкмөтү бул темир жол кырсыгын өлкөнүн акыркы он жылдагы эң кандуу окуясы деп атады. Одишанын Баласор районунда кырсык болгон жерге 200дөн ашык “Тез жардам” чакырылып, 100 кошумча дарыгер тартылган.

Маалыматка караганда, Калькутта шаарынан Ченнайга жүргүнчүлөрдү алып бараткан поезд жүк ташыган поезд менен кагылышып, 10-12 вагону рельстен чыгып кетип, кулаган. Аны эл ташыган дагы бир поезд сүзүп, үч-төрт вагон темир жолдон чыгып кеткен.

Одиша штатында 3-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG