Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Косоводо жергиликтүү сербдер демонстрацияга чыгышты


Звечан шаардык мэриясынын алдына чогулган жергиликтүү сербдер. 2-июнь, 2023-жыл. Косово.
Звечан шаардык мэриясынын алдына чогулган жергиликтүү сербдер. 2-июнь, 2023-жыл. Косово.

2-июнда Косовонун түндүгүндөгү бир нече шаарда жергиликтүү сербдер кайрадан шаардык мэриялардын алдына демонстрацияга чыгышты. Алар төрт шаардын калаа башчылыгына албан тектүү мэрлердин дайындалышына каршылыгын билдирүүдө.

Косово менен Сербиянын президенттери 1-июнда кечинде телефондон сүйлөшүп, кырдаалды жайгаруунун чараларын талкуулашкан. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өз булактары билдиргендей, кийинки аптада Белград менен Приштинага Евробиримдиктин жана Кошмо Штаттардын атайын өкүлдөрү барат.

Евробиримдик, Германия менен Франция Косовонун түндүгүндө кайра шайлоо өткөрүүнү сунушташты. Буга чейин Косовонун өкмөт башчысы Альбин Курти кайра шайлоо өткөрүүгө каршы болуп келсе, 2-июнда кайра добуш берүү өткөрүлүшү мүмкүн экенин кыйытты.

Кийинчерээк парламентте сүйлөп жатып, 29-майдагы башаламандыкты расмий Белграддан көрдү. Анын сөзүн этностук сербдердин "Серб тизмесиндеги" өкүлдөрү даароо четке кагышты

Косоводогу туруктуулукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр 29-майда Звечан шаарынын мэриясына кирип барган сербдерди кууп таркатууга аргасыз болгон. Кагылышууда 25тей аскер жаракат алды. НАТО окуяны кескин айыптап, тараптарды "чыңалууну күчөткөн аракеттерден алыс болууга жана диалог жүргүзүүгө" чакырды.

16 500дөй калк жашаган Звечан шаарында апрель айында өткөн шайлоону жергиликтүү сербдер бойкот кылган. Дал ушул калаада жана башка төрт аймакта добуш берүүгө шайлоочулардын 3,5% гана катышканына карабастан, бийлик жергиликтүү албандардын жеңишин таанып, төрт мэр кызматка отурган. Буга жергиликтүү сербдер каршы чыгып, акция уюштуруп жатышат.

Звечан шаарынын мэриясын эл аралык контингент кайтарууда.

Сербдер Косовонун 1,8 миллион калкынын 5% түзөт. Алардын көбү өлкө түндүгүндөгү төрт аймакта отурукташкан.

2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косово Республикасын Евробиримдиктин көптөгөн мамлекеттери жана АКШ, ошондой эле БУУга мүчө өлкөлөрдүн көбү тааныган.

Сербия Косовону өзүнүн автономдуу аймагы деп эсептейт.

2013-жылдан бери Белград менен Приштина мамилени Евробиримдиктин ортомчулугу менен жөнгө салуу аракетин көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG