Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду поэзия кечесин өткөрүүдө


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Бишкектеги “Ынтымак 2” паркында поэзия кечеси өтүп жатат. Анда үч акындын – Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Алтынбек Исмаилов, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Улукбек Омокеев жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Нуркыз Рыскул кызынын чыгармалары окулуп, обондуу ырлар жаңырууда.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын жеке демилгеси менен аталган фонд 2016-2020-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулап келген.

Ушул кезге чейин бул долбоордун алкагында 100 акын катышкан 40 поэзия кече өтүп, 15 миңден ашык адам акысыз катышкан.

2020-жылы COVID19 Пандемиясынан улам “Поэзия кечелери” үзгүлтүккө учурап калган. Учурда маалыматына караганда алдыда дагы башка акындардын поэзия кечелери кезеги менен өтүп турат.

“Ынтымак 2” паркында өтүп жаткан бүгүнкү поэзия кечесине келген көрүүчүлөр арасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду чыгарган китептер жана “АсылМЕД” компаниясынан белектер ойнотулат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG