Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Абу-Дабиден Бишкекке ачылган түз каттам менен биринчи учак келди


Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын Абу-Даби – Бишкек авиакаттамынын биринчи учагы. 1-июнь, 2023-жыл.
Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын Абу-Даби – Бишкек авиакаттамынын биринчи учагы. 1-июнь, 2023-жыл.

Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын жаңы ачылган түз каттамы биринчи жолу Кыргызстандын борборуна учуп келди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган каттам менен жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борборуна Кыргызстандын баш калаасынан түз уча алышат.

“Манас” эл аралык аэропортунун аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев каттамдын салтанаттуу ачылышында белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат.

Wizz Air Abu-Dhabi компаниясынын башкы директору Йохан Айдхаген өз кезегинде бул багытта башталышында аптасына 3 каттам аткарыларын, жакынкы арада каттамдардын санын көбөйтүп, аларды күн сайын ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.

Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча каттамдар жумасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 4 саат.

Wizz Air Abu Dhabi биргелешкен авиакомпания болуп саналат, анда венгриялык Wizz Air компаниясы 49% үлүшкө ээ. Калгандары эмираттык ADQ мамлекеттик компаниясына таандык. Авиакомпания Египет, Казакстан, Иордания, Түркия, Греция, Азербайжан, Сербия, Сауд Арабиясы, Кувейт, Грузия, Бахрейн, Мальдив аралдары, Оман, Өзбекстан, Босния, Израил, Албания, Армения жана башка өлкөлөргө ташууну камсыздайт.

Учурда Кыргызстандан Орусиянын, Казакстандын, Индиянын, Тажикстандын (убактылуу токтоп турат), Түркиянын, Кытайдын, Монголиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын 25 шаарларына түз каттам аткарылат. Анын ичинде БЭАнин Дубай жана Шарджа шаарларына авиа каттам бар болчу, Абу-Даби каттамы бул өлкөгө ачылган үчүнчү багыт болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG