Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

"Группа 24" Орусияда тажик мигранттарын жапырт кармоону сынга алды


Орус полициясы тажик мигранттарын кармап жатат. 28-май, 2023-жыл. Москва.
Орус полициясы тажик мигранттарын кармап жатат. 28-май, 2023-жыл. Москва.

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициячыл кыймылы Орусияда тартип коргоо органдарынын тажик мигранттарына жасаган "адамгерчиликсиз" жана "катаал" мамилесин айыптады.

Кыймылдын өкүлдөрү Дүйшөмбүнү бул боюнча "эч кандай чара көрбөгөнү" жана Москванын алдында бөйпөңдөгөнү үчүн сынга алышты.

"Тажик бийлиги Путинден ушунчалык көз каранды болгондуктан, тынчсыздануу билдирип, иликтөөгө чакыргандан башка эч нерсе кыла албайт", - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

Алар ошондой эле Орусиядагы тажик мигранттарына кайрылып, мүмкүн болсо бул "террордук, нацисттик" өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырышты.

Соңку эки аптада Орусиянын аймагында тажикстандык мигранттарды жапырт кармоо тууралуу кабарлар байма-бай чыгууда. Расмий Москва "тажиктерге каршы кампания" тууралуу үн ката элек. Айрым эксперттердин эсебинде, орус бийлиги муну менен Дүйшөмбүнү Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө мажбурлоону көздөйт.

Оппозициячыл көз караштагы адамдардан турган "Группа 24" кыймылы 2012-жылы негизделип, эки жылдан кийин Тажикстандын Жогорку Сотунун чечими менен экстремисттик уюм деп жарыяланган. Кыймылдын өзүндө бул чечимдин саясий мүдөөсү бар деп санашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG